Перейти на новый сайт

MegaCom 40 миллиондон ашык сомду социалдык жардамга жумшады

MegaCom 40 миллиондон ашык сомду социалдык жардамга жумшады 

2011-жылдын башынан тартып, MegaCom уюлдук оператору корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында демөөрчүлүккө жана кайрымдуулукка 40 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн.

Компанияда демөөрчүлүк жана кайрымдуулук ишмердүүлүгүн координациялоочу кеңеши бар, ал жерде «Альфа Телеком» ЖАКнын топ-менеджменти жеке жана юридикалык жактардан келген кайрылууларды карашат. Компания үчүн приоритеттүү долборлор болуп билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо жана маданият тармактары болуп саналат. MegaCom компаниясы демөөрчүлүк ишмердүүлүк алкагында билим чөйрөсүн колдоого 23,3 млн. сом, маданият өнүгүүсүнө 6 млн. сом жана  спорт чөйрөсүн колдоого 3,1 млн. сомдон ашык бөлгөн.  

Мындан тышкары, MegaCom компаниясы шефтик көзөмөлдөөгө алынган жети балдар үйүнө, Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлерине жана майыптарына, тыл эмгекчилерине квартал сайын кайрымдуулук жардам көрсөтүүдө. Шефтик көзөмөлдөөгө алынгандарга, 2011-жылдын 11 ай ичинде компания 2,5 млн. сомдон ашык жардам көрсөттү. 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Родительский контроль»

  • Услуга

    «Автоплатеж»

  • Услуга

    «Связь в воздухе»

  • Услуга

    Услуга «Живой Баланс»