Перейти на новый сайт

MegaCom жаңы «Тунук» тарифтик планын сунуштоодо

MegaCom жаңы «Тунук» тарифтик планын сунуштоодо

MegaCom компаниясы, башкы өзгөчөлүгү эң тунук жана ыңгайлуу баалар көрсөтүлгөн, «Тунук» жаңы тарифтик планынын ишке киргизилиши жөнүндө кубануу менен маалымдайт.  «Тунук» - жагымдуу бонустары бар тарифи.

Бул тарифке кошулганда абоненттерге түйүн ичинде бир мүнөт сүйлөшүү жана 1 SMS-билдирменин акысы 95 тыйындан, ал эми башка уюлдук операторлордун абоненттери менен бир мүнөт сүйлөшүү жана 1 Mb Интернет-трафиктин акысы болгону 2 сом 95 тыйынды түзөт.

MegaCom компаниясы, мындан тышкары, жаңы жыл астында бардык кошулгандар үчүн мега-белектерди даярдады:
• 100 мүнөт түйүн ичинде бекер баарлашуу
• Акысыз 100 SMS
• жана 100 Mb Интернет-трафик акысыз берилет!
Акысыз мүнөттөр жана SMS-билдирмелер MegaCom тармагынын түйүн ичинде берилет, бонустар кошулуу учурунда  активдештирилет  жана тарифтик планды өзгөртүү 2012- жылдын 1- февралына чейин мүмкүн.

«MegaCom дайыма өзүнүн абоненттерине эң жөнөкөй жана түшүнүктүү тарифтерди жана кызматтарды сунуштоого умтулат. “Жаңы тариф, өзгөчө жаңы жыл майрамдарынын астында, популярдуу жана кубанычтуу окуя болооруна биз ишенебиз, анткени «Тунук» тарифине кошулган ар бир  абонент  MegaCom компаниясынан белектер түрүндө мүнөттөрдү, SMS, интернет-трафикти акысыз алат», - дейт MegaCom компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн башчысы Надежда Пан.

«Тунук» тарифтик планына *303*24*1# чакыруу кыскача командасынын жардамы менен өтүүгө болот . Өтүү наркы – 90 сом. Тариф жөнүндө кошумча маалыматты  *555 номери жана компаниянын расмий сайтындагы «Тарифтик пландар» бөлүмүнөн алуу мүмкүн.

Сунушталган кызматтар

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы