Перейти на новый сайт
MegaCom Каракол шаарына футбол аянтчасын тартуулады

MegaCom Каракол шаарына футбол аянтчасын тартуулады

MegaCom  компаниясынын каржылык колдоосу менен 12-ноябрда, Ысык-Көл областынын Каракол шаарында чакан футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду. Аталган иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана MegaCom компаниясынын жетекчилери катышты.

“Биздин күчүбүз спортто! Спортту сүйгөн улут-бул күчтүү улут!”-деген сөздөр менен MegaCom компаниясынын башкы директору Азамат Мурзалиев иш-чараны ачты. Салтанат өлкөнүн таанымал ырчы аткаруучулардын коштоосу менен өтүп, жергиликтүү тургундар үчүн Максат Бегалиев, Азиз Жетигенов, Бекчоро, Мирбек Атабековдор өз өнөрлөрүн тартуулашты. Концерттен  соң футбол мелдеши өткөрүлүп, анда MegaCom компаниясы менен Каракол шаарынын курама командалары күч сынашты. Мелдеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.

MegaCom компаниясы корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында өлкөнүн маданият, спорт, саламатыыкты сактоо жана билим берүү тармагында өзүнүн барандуу салымын кошуп келет. Маселен 2011-жылдын башынан бери спорт тармагына MegaCom  2,5миллион сомдон ашык каражат бөлгөн.

MegaCom  компаниясы – сергек жашоо үчүн, спорт үчүн, келечектеги жеңүүчүлөр үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы