Перейти на новый сайт

«Альфа Телеком» ЖАКы: Бишкек шаардык соту MegaCom иши боюнча адилет чечим кабыл алууга тийиш.

«Альфа Телеком» ЖАКы: Бишкек шаардык соту MegaCom иши боюнча адилет чечим кабыл алууга тийиш.

2011-жылдын 17-августунда Бишкек шаардык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан Бишкек шаардык сотунун 2011-жылдын 7-июлундагы «Альфа Телеком» ЖАКынын доо арызын камсыз кылуу боюнча аныктамасына карата «БиМоКом» ЖЧКсынын жеке даттануусу кароого алынат.

2011-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту «Альфа Телеком» ЖАКынын жана MegaCom брендинин мүлкүн «БиМоКом» ЖЧКсына өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алгандыгын эсиңиздерге салмакчыбыз, мында соттук коллегия сотто ЖАКтын өкүлү катышпагандыгына карабастан MegaCom иши боюнча чечимди 1 саатка жеткирбестен кабыл алып койгон. Жогорку Соттун аталган чечимин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекетке каршы деп атаган, мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна ишенбестик көрсөтүү боюнча акциялар болуп өткөн. Өз кезегинде «Альфа Телеком» ЖАКы мүлккө жана соода брендине ээлик кылуу укугун таануу боюнча доо арызды даярдап, аны сотко өткөргөн, ошондой эле Бишкек шаарынын райондор аралык соту тарабынан канааттандырылган доо арызды камсыз кылуу чараларын көрүү жөнүндө өтүнүчтү жөнөткөн.

Ошол эле учурда, Penwell компаниясынын мурдакы өкүлү Раушан Рыкунова MegaCom иши боюнча «БиМоКом» ЖЧКсынын өкүлдөрү “Биринчи май райондук сотунан тартып Жогорку сотко чейин Penwell жана Eventis компанияларынын атынан 7 млн. АКШ доллары суммасына чейинки параларды берген” деп билдирди. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардын жана сот системасынын кызмат адамдарын сатып алгандыгы фактысы жөнүндөгү Р. Рыкунованын көрсөтмөлөрүнөн материалдарды өлкөнүн Башкы прокуратурасына өткөрүп бергендигин эсиңиздерге сала кетмекчибиз. Аталган ишти териштирүү Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча башкармалыгына тапшырылган.

2011-жылдын 17-августунда шаардык сот тарабынан иш каралаар алдында «Альфа Телеком» ЖАКы Фемиданын адилет чечимине, башкача айтканда чечимди мамлекеттин кызыкчылыгында чыгарат деген ишеничте.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Запрет переадресации вызовов»

  • Услуга

    MEGOGO

  • Услуга

    «IP Звонок»

  • Услуга

    «Обмен номера»