Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы кытайдын алдынкы өндүрүүчүлөрүнүн жабдууларынын жардамы менен түйүндү жаңыртууда

MegaCom компаниясы кытайдын алдынкы өндүрүүчүлөрүнүн жабдууларынын жардамы менен түйүндү жаңыртууда

Учурда уюлдук оператордо коммерциялык пайдаланууда (эксплуатацияда) белгилүү үч өндүрүүчүнүн жабдуусу орун алган: NSN (Nokia Siemens Network), Huawei жана Петер-Сервис.

MegaCom компаниясында узак убакыттан убакыттан бери телекоммуникациялык жабдууну негизги камсыздоочусу катары NSN компаниясы болуп келген. Мында NSN компаниясынын жабдууларынын негизги өлчөмү 2005-2006-жылдары сатылып алынган жана 5-6 жылдан бери пайдаланылып келет.

- Колдонуудагы жабдуу жакшы иштеп жатат, бирок, тилекке каршы, ал биз бүгүн багыт алган жаңы сервистерди киргизүүгө мүмкүндүк бербейт. Компанияда орнотулган NSN компаниясынын телекоммуникациялык системалары, толук деңгээлде 3G жана LTE колдоого ала албайт, ошондуктан моралдык жактан эскилиги жеткен технологияны дүйнөнүн алдынкы Huawei жана ZTE өндүрүүчүлөрүнүн жабдууларына алмаштыруу менен, орун алган кубаттуулукту кеңейтүү чечими кабыл алынган, - деп MegaCom компаниясынын техникалык директору Батырбек Джумабеков түшүндүрмө берди.

- Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында биз жаңы «КыргызМобайлКомпани» уюлдук операторунун муктаждыктары үчүн жабдуу сатып алып жатабыз деген маалымат таркап кеткен. Бул айың кептер реалдуулуктан, Кытай Эл Республикасынан чыгарылган, дүйнөгө таанымал бренддердин техникасынын сапаты боюнча кооптонуу сыяктуу бир топ эле алыс. Бүгүнкү күндө жада калса Mercedes автомобилдерин Кытайда чогултат жана дүйнө боюнча алардын сапатына эч ким күмөн койгон эмес, - деп билдирди MegaCom компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары Кылычбек Тентимишев.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Нумеролог

  • Услуга

    «Легкий шаг в MEGA»

  • Услуга

    «4 языка»

  • Услуга

    «Языковые курсы Engster»