Перейти на новый сайт
Азамат Мурзалиев: «MegaCom толук улутташтырылса, өлкө бюджетине 4 миллиард сом түшмөк”

Азамат Мурзалиев: «MegaCom толук улутташтырылса, өлкө бюджетине 4 миллиард сом түшмөк”

Компаниянын финансисттери берген маалыматтар боюнча 2011-жылы «Альфа Телеком» ЖАКы тарабынан болжолдонуп жаткан пайда 40-44 млн. АКШ долларын же 2 млрд. сомду түзмөкчү.

«Бүгүн күндө “Альфа Телекомдун” 49% акциясына мамлекет ээлик кылат. Мамлекеттин эсебине которулган дивиденддер, 2009-2010-жылдар үчүн 860 млн. сомду түзгөн. Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан аныкталганга чейин, компаниянын 51% акциясына ээлик кылган тарапка тиешелүү болгон дивиденддер инвестициялык долбоорлорду аткаруу үчүн ЖАКка кайтарылып берилген. Өткөн жарым жыл ичинде абоненттик база жогорулаган жана эң маанилүүсү биз операциялык чыгашаларды оптималдаштырууга жана “акча каражаттарынын агылып чыгуусуна” бөгөт коюуга жетиштик. Ошондуктан компаниянын пайдасы туруктуу негизде өсүп келе жатат», - дейт А. Мурзалиев.

Белгиленген 4 миллиарддан калган 1 миллиард салыктык жана башка чегерүүлөргө туура келет деп билдирет Азамат Мурзалиев

Сунушталган кызматтар

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы

  • «Телефон чал!»

    кызматы