Перейти на новый сайт

Толкунду карма – MegaCom менен ийгиликти багынт

Толкунду карма – MegaCom менен ийгиликти багынт

MegaCom операторунан «Толкунду карма – ийгиликти багынт» деген аталыштагы көңүлдүү оюн-зооктор өлкөнүн бир катар радиостанцияларында өткөрүлө баштады.

15-июлдан тартып 16-октябрга чейин MegaCom тууралуу түз ободогу үналгы оюндарына чалып, анча татаал болбогон 3 суроого жооп берүү менен 300 мүнөт акысыз мүнөттөр топтомун же MegaCom түйүнүн ичинде 150 акысыз SMS жеңип алууга мүмкүн. Ал эми жекшемби күнкү супер оюнда кунт коюу менен уккан радио угуучуну уюлдук компаниядан чоң белек – түйүн ичинде 900 мүнөт акысыз баарлашуу белеги күтөт.

Белектер «Европа +», «Кыргызстан Обондору», «Эл FM» (Ош, Жалал-Абад, Баткен), «Рекорд» (Бишкек), «Хит FM» (Чүй областы), «Алмаз» (Нарын), «Салам» (Баткен), «Next FM» (Талас) жана «Артек» (Каракол) радиостанцияларынын толкундарында ойнотулат.

Радио оюндун жеңүүчүлөрү акысыз кызмат көрсөтүүлөр топтомун MegaCom компаниясынын тейлөө борборлорунда же аймактык бөлүмдөрүндө 2011-жылдын 31-октябрына чейин кошо алышат.

Сүйүктүү үналгыны тындап, MegaCom компаниясынан белектерди алыңыздар!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Позвони!»

  • Услуга

    «Амедиатека»

  • Услуга

    «Легкий шаг в MEGA»

  • Услуга

    Услуга «Я звонил/Мне звонили»