Перейти на новый сайт

MegaCom селден жапа чеккен Баткендиктерге гуманитардык жардам жөнөттү

MegaCom селден жапа чеккен Баткендиктерге гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2011-жылдын 12-июнунда жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен ондон ашык калктуу пункттар жапа чегип, 149 курулма ураган, анын ичинде мектептер жана мечиттер. Ондогон үй бүлөлөр өз үйлөрүн таштап кетүүгө жана чатырларда же туугандарынын үйүндө баш калкалоого аргасыз болушкан.

Аталаган аймакктарга MegaCom эки миллион сомдон ашык суммага иче турган суу, ун, өсүмдүк майы, шекер, чай, туз, макарон азыктары жүктөлгөн, төрт КАМАЗды бүгүн, 2011-жылдын 17-июнунда Баткен областына жөнөттү.

Аталган кайрымдуулук акциясы менен MegaCom жапа чеккендерге жардам берүүгө умтулуп жана өлкөнүн башка коммерциялык уюмдарын корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында четте турбоосуна жана мекендештерине бардык жардамды көрсөтүүгө чакырат.

Сунушталган кызматтар

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы