Перейти на новый сайт

Penwell компаниясыныннын жарнактары боюнча «Альфа Телеком» ЖАКынын коментарийи

Penwell компаниясыныннын жарнактары боюнча «Альфа Телеком» ЖАКынын коментарийи

«Россиялык Penwell - MegaCom түйүнүнө 100 млн. $ инвестицияланган жалгыз компания» деген жазуулар менен Бишкекте жарнак такталары пайда болду. «Альфа Телеком» ЖАКы, аталган жарнак такталары уюлдук оператордун ишине эч кандай тиешеси жок экендигин расмий түрдө билдирет. Анын үстүнө, Penwellдин MegaCom компаниясына инвестиция кылган кылбаганы талаш маселе болуп саналат жана бул туурасында соттук териштирүүлөр жүрүүдө.

Penwell компаниясы жарнак такталарына текстти жазуу учурунда укук ээлик кылуучунун макулдугусуз MegaCom соода белгисин пайдаланган, аны пайдалануунун жеке укугу «Альфа Телеком» ЖАКына гана таандык, ошентип, өлкөнүн алдынкы уюлдук оператору - укук ээсинин укугу жана Кыргыз Республикасынын соода белгилери, тейлөө белгилери жана товарлардын аталыштары жана чыгарылган жерлери тууралуу мыйзамдары бузулган.

«Альфа Телеком» ЖАКы Penwell компаниясын алдын ала коомдук сөз кылууларды токтотууну өтүнөт, анын ичинде билборддордо, анткени Penwell тарабынан жайылтып жаткан маалымат талаш болуп саналат жана MegaCom компаниясынын ишкердик аброюна зыянын алып келүүдө.

MegaCom компаниясынын жетекчилиги, оператор кадимки ыргакта иштеп жаткандыгына жана MegaCom компаниясынын үлүшүнө талапкердик кылып жаткан компаниялардын талаш-тартыш жараткан билдирүүлөрү уюлдук оператордун бизнес-процесстерине жана сунушталып жаткан кызматтардын сапатына эч кандай таасирин тийгизбегендигине байланыштуу абоненттерден алдын ала корутунду чыгарбоону суранат.

«Альфа Телеком» ЖАКынын маалымат кызматы

Сунушталган кызматтар

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы