Перейти на новый сайт
MegaCom балдарга

MegaCom балдарга

Балдарды коргоонун дүйнөлүк күнүнө карата MegaCom уюлдук оператору бир катар кайрымдуулук акцияларын уюштурду.

Шефтикке алынган балдар мекемелеринин тизмеси 2011-жылдын июнунан тартып Кыргызстандын ар бир областында бирден балдар үйүн камтуу менен жетиге чейин кеңейтилген. Улуттук уюлдук оператор, башка меценаттарга ээ болбогон, кыйла муктаж болуп жаткан балдар мекемелерине шефтикти алган, мында ал тарбиялануучуларынын саны көп болгон мекемелерди тандап алды.

Шефтикке алынгандардын тизмесине «Нурмээайса» балдарды убактылуу багуучу борбору (Чүй областы), Каракол шаарынын сүйлөө мандемине кабылган №11 балдар бакчасы (Ысык-Көл областы), мүмкүнчүлүктөрү чектелген Покровка реабилитациялык жатак-үйү (Талас областы), Академик Үсөн Асанов атындагы Нарын областтык мектеп жатак-лицейи (Нарын областы), "Алтын уя" балдар үйү (Ош областы), Жалал-Абад балдардын психоневрологиялык жатак-үйү (Жалал-Абад областы), Сүлүктү шаарынын Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жатак-мектеби (Баткен областы) киргизилген.

Июнь бир айлыгынын алкагында шефтикке алынган ар бир балдар уюмуна конкреттүү мекеменин муктаждыгына жараша жардамдар көрсөтүлөт: эмерек жана турмуш-тиричилик техникасы, тамак аш азыктары сатылып берилет, оңдоо иштери аткарылат, тарбиялануучулардын эс алуу проблемалары да чечилет.

Компания тарабынан шефтикке алынган мекемелердин тарбиялануучуларынын жалпы саны 723 баланы түзөт.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Пакеты «Роуминг Онлайн»

  • Услуга

    Киоск

  • Услуга

    MegaCom Wi-Fi

  • Услуга

    Викторина «Собери машину»