Перейти на новый сайт

MegaCom өзүнүн беш жылдыгын белгилөөдө

MegaCom өзүнүн беш жылдыгын белгилөөдө

Кыргызстандын эң ири уюлдук оператору 2011-жылдын 28-апрелинде 5 жашка толду.

Компаниянын туулган күнүнө карата абоненттерди тейлөө борборлорунда салтанаттар өткөрүлдү жана эң активдүү абоненттер, компания негизделген күндөн тартып MegaCom түйүнүндө калган адамдар фирманын сувенирлерин, акысыз мүнөттөр жана SMSтер топтомун белекке алышты.

- Биз майрамды жалгыз эмес, өз абоненттерибиз менен бирге тосуп жаткандыгыбызга кубанычтабыз. Ар бир абоненттин бизге кошулуусу – MegaCom компаниясынын бардык кызматкерлери үчүн өзгөчө жагымдуу белек. Өз жакын адамдарыңыз менен MegaCom компаниясынын жардамы менен баарлашыңыздар! Ар дайым байланышта болуңуздар! – деп белгиледи абоненттердин алдында сөз сүйлөп жатып, MegaCom компаниясынын тейлөө департаментинин жетекчиси Гульзат Эгембердиева.

MegaCom компаниясынын туулган күнүнө арналган башкы маараке кыргызстандыктарды май айында күтөт.

Сунушталган кызматтар

  • «Экинчи дем»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы