Перейти на новый сайт
Акционерлердин укуктарын коргоо үчүн MegaCom өз кирешесин өлкө казынасында сактайт

Акционерлердин укуктарын коргоо үчүн MegaCom өз кирешесин өлкө казынасында сактайт

Акционерлердин мүлктүк укугун коргоо максатында “Альфа Телеком” жабык акционердик коому 2009-2010-жылдар ичиндеги 1,5 миллиарддан ашуун бөлүштүрүлбөгөн кирешесин мыйзам чегинде дивиденддерди бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алынууга чейин Кыргызстандын Каржы министрлигинин алдындагы Борбордук казыналыктын атайы эсебине которулуп берилди.

Акционерлердин кезексиз жыйналышы 2011-жыдын 15-апрелине дайындалып, ага мамлекеттик мүлк министрлиги жана башка акционерлер чакырылды. Жыйналышта компаниянын дивиденддерин бөлүштүрүү жана башка бир катар маселелер каралаары күтүлүүдө.
Убактылуу өкмөттүн декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги “Альфа Телеком” ЖАКынын 49 пайыз акциясынын ээси катары саналат.

Сунушталган кызматтар

  • Планер

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы