Перейти на новый сайт

А. Абеков: кызматкерлердин “кара тизмеси” даярдалгандыгы туурасындагы маалымат калп

А. Абеков: кызматкерлердин “кара тизмеси” даярдалгандыгы туурасындагы маалымат калп

«Альфа Телеком» ЖАКынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Алмазбек Абеков, Андрей Силичтин командасына кирген кызматкерлердин “кара тизмеси” даярдалгандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

Бүгүн эртең менен департаменттердин директорлорунун жана бөлүмдөрдүн начальниктеринин жыйналышында Алмазбек Абеков компания саясаттан жана компаниянын ээлеринин талаштарынан алыстап, байланыш сапатын жогорулатуу багытында иштөө зарыл экенин белгиледи. Жолугушуу учурунда ал орто жана кенже курамдагы кызматкерлерди жумуштан бошотуу көрүнүшү орун албастыгын белгиледи. «Биз себерсиз эч кимди кызматтан бошотпойбуз жана кызматтык милдетин аткарууга эч тоскоолдук да кылбайбыз», - деп баса белгиледи.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргызстандын Мамлекеттик мүлк министрлигинин 2011-жылдын 16-мартындагы №39-буйругу менен “Альфа Телеком” ЖАКынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп Алмазбек Абеков дайындалган. 2011-жылдын 14-мартынан 16-мартына чейин Андрей Силич тарабынан чыгарылган бардык буйруктар күчүн жоготту деп таанылат.

Сунушталган кызматтар

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • Астрология

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы