Перейти на новый сайт
MegaCom бюджетке которууларды жогорулатат, бирок абоненттердин эсебинен эмес

MegaCom бюджетке которууларды жогорулатат, бирок абоненттердин эсебинен эмес

MegaCom Кыргыз Республикасынын Улуттук Байланыш агенттигинин көзөмөл функцияларын жүзөгө ашыруусу үчүн ар жылдык төлөмдү жогорулатуу тууралуу өкмөттүн токтомун коолдоого алды, бирок өлкөнүн бюджетине тиешелүү төлөөлөрдү бир нече эсеге жогорулатуу уюлдук операторлордун абоненттерине таасирин тийгизбейт.

«Эгерде компания мамлекеттик болбогондо мындай кадамга бармак да эмес. Дүйнөлүк тажрыйбада коммерциялык уюмдар салыктык төлөмдөрдү өз кардарларына жүктөп келгени белгилүү. Ал эми MegaCom, жарым-жартылай мамлекеттик ишкана болгондуктан мамлекеттик бюджетке төлөмдөрдүн жогорулап жатканына карабастан өз абоненттери үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жогорулатпоону чечти. Жогорулаган салык төлөмдөрү биздин кардарларга эмес, компаниянын накта пайдасына гана таасирин тийгизет”, - дейт MegaCom компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиев.

Эскерте кетсек, 9-мартта Кыргызстандын Байланыш агенттигинде ири байланыш операторлорунун катышуусунда уюлдук операторлор үчүн милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмүн өзгөртүү маселелери каралган.

Сунушталган кызматтар

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы