Сиздин кардарыңызга
оңой болот

Бренд

Кыргызстандын калкынын арасында эң таанымал бренд
Кардарлар үчүн ыңгайлуулук
Төлөмдү телефондун балансынан түздөн-түз жана комиссиясыз төлөө. Төлөөчү каражатын жана убактысын үнөмдөйт
Бир-эки басуу
менен төлөм жүргүзүү
Бир-эки саат кезек күтпөстөн, ылдам жана ыңгайлуу
Бардык жерде
жеткиликтүүлүгү
Каалаган учурда
жана бардык жерде
Жекече
шарттар
Ар бир өнөктөш биз үчүн өзгөчө
Кызматташтыктын шарттарын талкуулоо үчүн кошууга табыштаманы толтуруп, биз менен байланышыңыз.
Суроо-жооп
Суроо-жооп
  • Megapay деген эмне?

    MegaPay – MegaCom абонентинин жеке эсебиндеги же MegaPay электрондук капчыгындагы каражаттарынын эсебинен түрдүү кызматтар жана сервистер үчүн төлөм жүргүзүү.

  • MegaCom абонентинин жеке эсебин кантип толуктоого болот?

    Абоненттин жеке эсебин толуктоо (телефон номуру):

    • MegaCom терминалдарында ( 300дөн ашык терминал) балансты комиссиясыз толуктоо;
    • MegaCom абонентинин жеке эсебин QuickPay, UMAI, Дос-Кредо Банктын жана Азия Банкынын терминалдарында толуктоо;
    • Төлөмдөрдү кабыл алуу түйүндөрүнүн бардыгында;
    • Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча 30 000ден ашык дилердик түйүн бар;
    • MegaCom абонентинин жеке эсебин Кыргыз Республикасынын банктарынын мобилдик тиркемелери аркылуу толуктоого болот;
  • MegaPay электрондук капчыгынын балансын кантип толуктоого болот?

    MegaPay электрондук капчыгынын балансын толуктоо:

    • MegaPay мобилдик капчыгынын балансын MegaCom терминалдарынын бардыгында ( 300дөн ашык терминал), QuickPay, UMAI, Дос-Кредо Банктын жана Азия Банкынын терминалдарында комиссиясыз толуктоого болот;
    • Электрондук капчыкты Optima24 тиркемеси аркылуу толуктоо.
  • Кантип колдонууга болот?

    MegaPay тиркемесин жүктөп алуу жана орнотуу жетиштүү.

    Тиркеме GooglePlay, AppStore , жана да megapay.kg дареги аркылуу жеткиликтүү.

  • Төлөмдөр боюнча суроолор пайда болгон учурда кимге кайрылсам болот?

    Биздин компания электрондук акчаны жайылтуу боюнча «Дос-Кредобанк» ААК Банктын агенти болуп саналат. Төлөмдөр Банк тараптан MegaPay тиркемесинин жардамы менен жүргүзүлөт («Дос-Кредобанк» ААКтын кеңселерине кайрылууга болот).

  • MegaPay тиркемесинин кандай артыкчылыктары бар?
    • Сиздин MegaCom жеке эсебиңиз MegaPay электрондук капчыгына байлангандыктан, Сиз аны толуктай аласыз (2 -суроону караңыз).
    • Жолдо жүрүүнүн эрежесин бузгандык үчүн айып пул төлөөдөн жана «Элкарт» карталарын жеке эсептен же MegaPay электрондук капчыгы аркылуу толуктагандан тышкары, 250 дөн ашык кызматтар үчүн комиссиясыз акы төлөөгө болот ( 0 сом).
    • Карыз алуучунун анкетасын толтуруу менен, MegaPay тиркемеси аркылуу 5 000 сомдон 50 000 сомго чейин насыя алуу мүмкүнчүлүгү. Сервис идентификациялоодон өткөн абоненттер үчүн гана жеткиликтүү.
  • Элкарт карталарына акча каражаттарын которуудагы комиссиянын өлчөмү кандай?

    Комиссия которулуп жаткан сумманын 1% түзөт.

  • Бир жолку накталай акчага айландыруунун минималдуу жана максималдуу суммасы кандай?

    Дос-Кредобанктын филиалдары аркылуу бир жолку накталай акчага айландыруунун минималдуу суммасы – 600сом, максималдуу суммасы – 25 000 сом, бирок суткасына 100 000 ден ашпоосу керек.

  • Төлөмдөр боюнча чектөөлөр барбы?

    Бир төлөмдүн максималдуу өлчөмү 15 000 сомду, минималдуу өлчөмү 5 сомду түзөт. Идентификациялоодон өтпөгөн колдонуучулар үчүн бардык төлөмдөрдүн (төлөөгө жол берилген) максималдуу суммасы айына 30 000 сомду түзөт.