+
MegaPay
БОЛЬШЕ ЧЕМ БАЛАНС
Артыкчылыктары
Колдонуу
  • Комиссиясыз төлөө
    MegaPay тиркемеси аркылуу өткөн бир да төлөм үчүн комиссия алынбайт, бул кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүдө каражаттарды үнөмдөөгө өбөлгө түзөт.
  • Коопсуздук кепилдиги
    - төлөмдөр боюнча бардык маалыматтар транзакциянын аткарылгандыгын тастыктап турган электрондук чектерде сакталат;
    - жеке код жана touch-id функциясы менен корголот;
    - бардык төлөмдөр Банк тарабынан кепилденет.
  • QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү
    Төлөм реквизиттерди жана төлөм суммасын кошумча киргизүүсүз QR-кодду ошол замат сканерлөө аркылуу ишке ашырылгандыктан, бул функция төлөм жүргүзүү процессин бир кыйла жеңилдетет.
  • Кызматтардын кеңири түркүмү
  • Тиркемени
    жүктөө
    Apple Store жана PlayMarket тиркемелеринде жеткиликтүү
  • Катталуу
    Жөнөкөй жана ылдам онлайн-катталуу, болгону MegaCom жеке номурунун болгондугу жетиштүү.
  • Эсепти
    толуктоо
    - Сатуу жана тейлөө борборлорунун кассаларында
    - MegaCom, Beeline, Дос-Кредобанк жана QuickPay терминалдарынын «Электрондук акча» бөлүгүндө
    - Дос-Кредобанктын кассаларында
  • Кызмат үчүн
    төлөм жүргүзүү
Тиркемени жүктөп алуу
Телефондун номурун 0 (ХХХ) ХХХ-ХХХ форматында киргизиңиз
Түзмөктүн платформасын көрсөтүңүз
Суроолор жана жооптор
Көп берилүүчү суроолор
  • MegaPay деген эмне?

    MegaPay – бул мобилдик тиркеме. Бул тиркемеде төмөндөгү жолдор аркылуу кызматтар жана сервистер үчүн акы төлөөгө болот:

    • «Дос-Кредобанк» ААКтын электрондук капчыгы;
    • «ДРИМ ПРОДАКШН» ЖЧК төлөм уюму.
  • «DP аркылуу төлөө» деген эмне?

    DP – бул кызмат көрсөтүүчүлөрдүн пайдасына төлөмдөрду кабыл алууну жана төлөм жүргүзүүнү ишке ашырган «ДРИМ ПРОДАКШН» төлөм уюму.

  • MegaPay менен кантип колдоно баштасам болот?

    MegaPay тиркемесин жүктөп алуу жана орнотуу жетиштүү.

    Тиркеме Google Play, App Store тиркемелеринде, жана да https://www.megapay.kg сайтында жеткиликтүү.
    Тиркемеден MegaCom компаниясынын жеке жана корпоративдик абоненттери колдоно алышат.

  • Электрондук капчыктын балансын кантип толуктоого болот?

    MegaPay электрондук капчыгынын эсебин Сатуу жана тейлөө борборлорунун кассаларында, жана төмөндөгү терминалдардын «Электрондук акчалар» бөлүгүнөн толуктоого болот:

    • MegaCom терминалдарынын;
    • Beeline терминалдарынын;
    • QuickPay терминалдарынын;
    • «Дос-Кредобанк» ААК терминалдарынын.
  • MegaCom каржылык кызматтарды да көрсөтө баштадыбы?

    Электрондук капчык аркылуу төлөм жүргүзүүдө MegaCom «Дос-Кредобанк» ААКтын электрондук акчаларды жайылтуу боюнча агенти болуп саналат, төлөм уюму аркылуу төлөм жүргүзүүдө биздин компания «ДРИМ ПРОДАКШН» ЖЧКнын төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча агенти болуп саналат.

  • Кызматтарды төлөөдө комиссия алынабы?

    MegaPay аркылуу каалагандай төлөмдөрдү жүргүзүүдө комиссия АЛЫНБАЙТ.

  • Тиркемени колдонууда трафик акысыз болобу?

    Тиркеме жана https://www.megapay.kg сайты менен колдонууга сарпталган трафик MegaCom абоненттери үчүн акысыз. Интернет-трафик, тиркемени жүктөөдө гана, ошулган тарифтерге жана опцияларга ылайык тарифтелет.

  • Кантип жана кайсы жерден каражаттарды накталай акчага айландыра алам?

    Идентификациялоодон өткөн бардык абоненттер төмөндөгү жолдор менен каражаттарын накталай акчага айландыра алышат:

    • «Дос-Кредобанк» ААКтын каалаган филиалында. Толук маалымат алуу: 8686 (чалуу акысыз);
    • «Элкарт» карталарына каражаттарды чыгаруу. Толук маалымат алуу: *8686 (чалуу акысыз).

    Идентификациялоодон өтүү тартиби жөнүндө маалымат: 8686 (чалуу акысыз).

  • Капчыктан каражаттарды накталай акчага айландыруу үчүн кандай документтер талап кылынат?

    ID-картаңызды же биометрикалык паспортуңузду (чет элдик паспорт, айдоочунун күбөлүгү, бааргердин күбөлүгү жана башка документтер жарабайт) жана каражаттарыңызды накталай акчага айландырууну каалаган номурду көрсөтүңүз. Чет өлкөлүк жарандар үчүн каражаттарды нак акчага айландыруу чет элдик паспортун көрсөтүү аркылуу ишке ашырылат. Банктык идентификациялоодон өтүү да талап кылынат, анын жол-жобосу тууралуу 8686 номуруна чалуу аркылуу билсеңиз болот(чалуу акысыз).

  • «Дос-Кредобанк» ААКтын филиалдарында капчыктан каражаттарды накталай акчага айландырууда канча комиссия кармалат?

    «Дос-Кредобанк» ААКтын тарифтерине ылайык комиссия сумманын 1% барабар болот.

  • «Элкарт» карталары аркылуу каражаттарды накталай акчага айландырууда канча комиссия кармалат?

    Каражаттарды «Элкарт» карталарына которуу акысыз. Акча каражаттары ошол замат түшөт.

  • Бир жолку накталай акчага айландыруунун максималдуу жана минималдуу суммасы кандай?

    Бир жолку минималдуу сумма 600 сомду, ал эми максималдуу сумма 15 000 сомду түзөт.

  • Төлөмдөр боюнча чектөөлөр барбы?

    Идентификациялоодон өтпөгөн колдонуучу үчүн бир жолку төлөмдүн өлчөмү 15 000 сомду түзөт. Бир айда аткарууга мүмкүн болгон бардык төлөмдөрдүн максималдуу суммасы – 30 000 сом.

    Идентификациялоодон өткөн колдонуучу үчүн бир жолку төлөмдүн өлчөмү 30 000 сомду түзөт. Бир айда аткарууга мүмкүн болгон бардык төлөмдөрдүн максималдуу суммасы - 70 000 сом.

  • Ката жүргүзүлгөн төлөмдү жокко чыгара аламбы?

    Электрондук капчык аркылуу ката жүргүзүлгөн төлөмдү жокко чыгаруу үчүн «Дос-Кредобанк» ААКка кайрылуу керек. Бул учурда аткарыла турган иш-аракеттердин алгоритмин билүү үчүн 8686 телефонуна чалсаңыз болот (чалуу акысыз).

    «ДРИМ ПРОДАКШН» төлөм системасы аркылуу аткарылган ката төлөмдү жокко чыгаруу үчүн 8686 (чалуу акысыз) телефону боюнча маалымат алууга болот.