«Альфа Телеком» ЖАКтын жалпы жарыя-сунушу

MegaCom MegaChat
мобилдик тиркемесин колдонуу боюнча
Колдонуучулук макулдашуу


ТЕРМИНДЕР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР

Ушул Колдонуучулук макулдашуунун алкагында төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

Абонент — «Альфа Телеком» ЖАК менен байланыш кызматтарын көрсөтүү келишимин түзгөн, ага бир же андан ашык абоненттик номер бөлүнүп берилип, жеке формада тейленген юридикалык же жеке жак.

Терминалдык жабдуу (абоненттик терминал) — байланыш тармагына туташтырыла турган техникалык каражат, ал абоненттин жана Оператордун байланыш түйүнүнүн бири-бири менен байланышуусуна мүмкүнчүлүк түзөт;

Оператор — «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom), байланыш тармагындагы мамлекеттик орган тарабынан берилген Лицензиялардын негизинде ишмердүүлүк жүргүзгөн юридикалык жак.

Мобилдик тиркеме (Тиркеме) – программалык камсыздоо, MegaChat сервисин көрсөтүү үчүн Apple iOS жана Google Android операциялык системаларынын башкаруусу алдында иштеген абоненттик терминалдар үчүн иштелип чыккан.

MegaChat сервиси - Оператордун кошумча байланыш кызматы, Абоненттин байланыш кызматтарына, анын ичинде Интернет түйүнү аркылуу көчмө радиотелефон байланышына жетки алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.

Тиркеменин иштеп чыгуучусу – Мобилдик тиркемени иштеп чыккан жана ага карата өзгөчө укукка ээ болгон жана тиркемени техникалык колдоону ишке ашырган компания.

Виртуалдык номур – Абоненттин Тиркемеде катталган абоненттик номуру.

Ушул Макулдашууда аныктама берилбеген терминдер, Байланыш кызматтарын көрсөтүү келишиминде же КРдин байланыш тармагындагы мыйзамдарда көрсөтүлгөн маанилеринде колдонулат.


ТИРКЕМЕДЕН ШАШЫЛЫШ КЫЗМАТТАРДЫН НОМУРЛАРЫНА ЧАЛУУ ЖЕТКИЛИКТҮҮ ЭМЕС, тиркемеден аткарылган чалуу IP-чалуу болуп эсептелгендиктен (интернет аркылуу), аны аткарууда абоненттин жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбойт. Абоненттин жүргөн жери тууралуу маалымат чалуу аткарылган аймактагы шашылыш кызматтын номуруна чалууну маршруттоо үчүн зарыл. Абонент тиешелүү шашылыш кызматтарга башка жол менен кайрылуу мүмкүнчүлүгүн караштыруусу зарыл.

  1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
    1. Ушул Колдонуучулук Макулдашуу (мындан ары Макулдашуу) «Альфа Телеком» ЖАКтын Абонентке байланыш кызматтарын көрсөтүүсүнүн алкагында Абоненттин MegaChat Мобилдик тиркемесин жана Сервисти колдонуусунун шарттарын аныктайт.
    2. Ушул Макулдашуунун шарттары, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 396-беренесине ылайык, Абоненттерге багытталган жалпы жарыя-сунуш (оферта) болуп саналат. Абоненттин Тиркемеде катталуусу жана Тиркемени колдонуусу Макулдашуунун Акцепти болуп саналат. Абонент Тиркемени ушул Макулдашууда каралган шарттарда гана колдонуусу мүмкүн. Абонент ушул Макулдашуунун шарттары менен макул болбогон учурда Тиркемени колдонуу ошол замат токтотулушу зарыл.
    3. Ушул Макулдашуунун шарттарын кабыл алуу менен:
      1. Абонент өзүнүн абоненттик түзмөгүнүн функционалына, тактап айтканда: камерасына, микрофонуна, телефон китепчесине, фотоматериалдардын галереясына, билдирүүлөр системасына Тиркеменин жетки алуусуна уруксат берет. Чалуу/ SMS билдирүү аткарууда/кабыл алууда Тиркеме абоненттик терминалдын даректер китепчеси менен өз ара аракеттенет жана абоненттик терминалда конкреттүү номур үчүн сакталган контактынын «ысымын» чагылдырат.
      2. Абонент Тиркемеде катталуу учурунда өзү тарабынан көрсөтүлгөн жеке маалыматтарынын Оператор тарабынан иштелип чыгуусуна макулдугун тастыктайт. Мындан тышкары Абонент Оператордун Сервисти көрсөтүүсү жана ушул Макулдашуунун аткарылышы үчүн жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды Тиркеменин Иштеп чыгуучусуна берүүгө макул экендигин тастыктайт.
      3. Абонент Тиркеме орнотулган абоненттик түзмөктүн Интернет түйүнүнө кошулган шартында Сервистен колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымдар экендигин тастыктайт.
  2. АБОНЕНТТИН УКУКТАРЫ, МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА КЕПИЛДИКТЕРИ
    1. Тиркемеде катталууда Абонент менен Оператордун ортосундагы байланыш кызматтарын көрсөтүү Келишими түзүлгөн (түзүлүп жаткан) абоненттик номур көрсөтүлөт. Тиркемеде катталган абоненттик номур алмашса, терминация болсо же номур башка жакка (абонентке)катталса Тиркемедеги аккаунтка жетки бөгөттөлөт жана Абонент Тиркемеге жаңы номур боюнча катталуусу зарыл болот.
    2. Сервис менен колдонууда Абонент Интернетке жеткиси бар абоненттик түзмөктү камсыздоого милдеттүү.
    3. Абонент абоненттик түзмөгүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн талаптагыдай чара көрүүгө, жана да Тиркемедеги аккаунтунун үчүнчү жактар үчүн жеткиликтүү болбой тургандыгын камсыздоого милдеттенет. Тиркеме орнотулган Абоненттик түзмөктү жоготуп алган учурда, же аккаунтуна уруксатсыз жетки алуу аракеттери болгондугунан шектенген учурда, Абонент Виртуалдык номурду бөгөттөө жана Сервис көрсөтүүнү токтото туруу максатында бул тууралуу Операторго токтоосуз түрдө билдирүүсү керек.
    4. Абонент Сервисти жана Тиркемени киреше табуу же кесиптик ишмердүүлүгү менен байланышпаган жеке максаттары үчүн гана колдонууга милдеттенет (эгерде Оператор менен макулдашылбаган болсо).
    5. Абонент Сервисти колдонууда Оператордун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз жарнамалык материалдарды жайылтпоого милдеттенет.
    6. Абонент, Оператордун жазуу жүзүндөгү уруксатысыз, Сервисти/Тиркемени лотерея, добуш берүү, сынактарды, викториналарды, жарнама, сурамжылоолорду жүргүзүүгө, жапырт билдирүүлөрдү жиберүүгө, туруктуу байланыш тармагына, Интернет-телефонияга кирүүгө, шлюздарды орнотууга жана чакырыктын багытын же телефондук байланыштыруу тартибин өзгөртүүгө же байланыш жабдууларынын же түзүлүштөрүнүн ишин бузууга багытталган жана ушул Макулдашууда каралбаган башка иш-чаралар үчүн пайдаланууга укуктуу эмес.
    7. Абонент Тиркеменин жана Сервистин иштөөсүнө таасирин тийгизе турган башка программалык жабдууну жана техникалык каражаттарды колдонбоого милдеттенет.
    8. Абонент Тиркеме аркылуу Операторго, Иштеп чыгуучу Компанияга, көчмө/катталган байланыш операторлоруна жана башка жактарга зыян келтирүүгө багытталган кандайдыр бир иш-аракеттерди жасабоого кепилдик берет.
    9. Ушул Макулдашуунун 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн Тиркемени колдонуу эрежелерин бузган учурда, Абонент мындай иш-аракеттер менен Компанияга келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттенет.
    10. Абоненттик түзмөктү жана/ же Абоненттин виртуалдык номурун колдонуу аркылуу аткарылган бардык иш-аракеттер Абонент тарабынан аткарылган болуп саналат жана Абонент алар үчүн жоопкерчилик тартат.
    11. Абонент Тиркемени төмөндөгү аракеттерди ишке ашыруу үчүн колдонбоого (башкалардын колдонуусуна да көмөктөшпөй тургандыгына) кепилдик берет:
      1. Оператордун, Мобилдик Тиркеменин иштеп чыгуучусунун жана башка жактардын укуктарын, анын ичинде конфиденциалдуулукка же айкындыкка болгон укуктарын, интеллектуалдуу менчикке болгон жана башка мүлктүк укуктарын бузуу же ыйгарып алуу;
      2. мыйзамсыз, адепсиз же абройду түшүрүүчү жүрүш-туруш, опузалоо,коркутуу, кабатыр кылуу, расалык жана этникалык белгилер боюнча мазактоо, мыйзамсыз жана орунсуз жүрүм-турумга шыкак берүү, анын ичинде зомбулук кылмыш аракеттерин аткаруу;
      3. жалган, туура эмес жана жаңылууга алып келген маалыматты жайылтуу;
      4. өзүн башка адам катары көрсөтүү;
      5. мыйзамсыз жана жол берилбей турган билдирүүлөрдү, мисалы жапырт жөнөтмөлөрдү, автоматтык түрдөгү билдирүүлөрдү жөнөтүү, автоматтык түрдө чалууларды аткаруу ж.б.;
    12. Абонент өзү же автоматташтырылган каражаттардын жардамы менен төмөндөгү иш-аракеттерди аткарбоого милдеттенет:
      1. Сервисти/Мобилдик Тиркемени кайрадан долбоорлоо, өзгөртүү, адаптациялоо, модификациялоо жана декомпиляциялоо, Сервистин/ Мобилдик Тиркеменин кодун алуу же алардын негизинде туунду жумуштарды түзүү;
      2. сервистин жардамы менен вирустарды же зыян алып келүүчү компьютердик кодду жөнөтүү, сактоо же өткөрүү;
      3. Сервиске уруксатсыз жетки алууга аракет кылуу же жетки алуу;
      4. Сервистин/ Мобилдик Тиркеменин ишине кийлигишүү же бузуу;
      5. тыюу салынган же автоматташтырылган каражаттардын жардамы менн сервистен колдонуу үчүн аккаунттарды түзүү;
      6. Оператордун түйүнүнүн абоненттери тууралуу уруксатсыз жана жол берилбей турган кандайдыр бир ыкма менен маалымат топтоо;
      7. сатуу,алып сатуу, ижарага берүү же сервис/Мобилдик Тиркеме үчүн акы алуу;
      8. бир нече түзмөктөр бир эле убакта колдонууга боло турган түйүн аркылуу сервиске жетки берүү же жайылтуу;
      9. Лицензияларды жана сублицензияларды башкаларга берүү, жайылтуу;
  3. ОПЕРАТОРДУН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
    1. Оператор тиешелүү өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу кабарламаны Оператордун расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу же Тиркемеде Абонентке билдирүүлөрдү жөнөтүү жолу менен бир тараптуу тартипте ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана кошумчалоолорду киргизүү укугуна ээ. Эгерде Макулдашууга өзгөртүүлөр жана/же кошумчалоолор киргизилгенден кийин Абонент Тиркемеден колдонууну уланта берсе, Абоненттин мындай өзгөртүүлөр жана/же кошумчалоолор менен макул экендигин билдирет.
    2. Төмөнкү учурларда Оператор Абоненттин Тиркемеге жетки алуусуна бөгөт коюуга жана Сервис көрсөтүүнү токтото турууга укуктуу:
      1. Ушул Колдонуучулук макулдашуунун, Байланыш кызматтарын көрсөтүү келишиминин жана/ же Көчмө радиотелефон байланышын көрсөтүү эрежелеринин шарттары бузулганда;
      2. абоненттик номур боюнча аномалдык трафик табылганда (аны генерациялоо себептери аныкталганга чейин);
      3. Аккаунтту Тиркемеде каттоодон өткөрүүдө Абонент өзү жөнүндө (анын ичинде жарандыгын тастыктаган документ боюнча) анык эмес маалыматтарды берген шартта.
    3. Оператор Сервис көрсөтүүнү токтотуудан (Сервисти жабуудан) 10 календардык күн мурда Оператордун расмий сайты же жалпыга маалымдоо каражаттары, SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүү аркылуу Абонентке маалымдоо менен MegaChat мобилдик тиркемеси аркылуу Сервис көрсөтүүнү токтотууга укуктуу, Сервис көрсөтүү токтотулгандан тарта ушул Макулдашуу токтотулду деп саналат.
    4. Оператор ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тиркемеде катталууда жана Байланыш кызматтарын көрсөтүү келишимин түзүүдө Абонент тарабынан көрсөтүлгөн жеке маалыматтарын иштеп чыгууну жана сактоону ишке ашырат.
    5. Тиркемени колдонуу мөөнөтүндө Оператор Колдонуучуга Тиркемени жеке коммерциялык эмес максаттарга колдонуу укугуна өзгөчөлөнбөгөн акысыз лицензия берет.
    6. Оператор Тиркемени каалаган Абоненттик түзмөктөрдө колдонууга боло тургандыгына же анын башка операциялык системаларга шайкеш келе тургандыгына кепилдик бербейт. Тиркеменин функционалы Абоненттик түзмөктөрдүн түрдүү моделдерине же операциялык системаларына жараша айырмаланышы мүмкүн.
    7. Абоненттин Сервис менен колдонуусу үчүн интернет менен камсыздоочу жак тарабынан кошумча төлөм киргизилип же кандайдыр бир чектөөлөр коюлган учурда Оператор сервистин иштөөсүнө кепилдик бербейт жана жоопкерчилик тартпайт.
  4. Башка шарттар
    1. Ушул Макулдашууну аткарууга байланыштуу талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Абонент менен Оператор аларды өз ара сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө болгон күч-аракетин жумшайт. Талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилбеген учурда, талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жалпы юрисдикция сотторунда каралууга жатат.
    2. Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн. Макулдашууда жөндөлбөгөн маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилүүсү тийиш.
    3. Ушул Макулдашуу Абонент үчүн Абонент Тиркемеде катталган учурдан тарта күчүнө кирет жана Абонент Тиркемеден жана Сервистен колдонгон мөөнөттүн ичинде аракетте болот.
    4. Эгерде ушул Макулдашуунун кайсы бир жобосу жараксыз деп табылса, бул ушул Макулдашуунун башка жоболорунун колдонулушуна жана жарактуулугуна таасирин тийгизбейт.
    5. Тиркеме, MegaChat Сервиси тууралуу толук маалыматты www.megacom.kg шилтемеси аркылуу Оператордун сайтынан, жана да Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунан, же Кардарларды колдоо кызматына чалуу менен алууга болот.