+
MegaChat
MegaChat
MegaChat
Сенин MegaCom виртуалдык номуруң
Дүйнө жүзүнүн бардык жеринде байланышта бол. Чаттарда акысыз чал жана баарлаш. MegaChat тиркемесин жүктөп ал.
MegaChat
Чалууларды кабыл ал

MegaChat менен номуруңа кирген чалууларга тиркемеде жооп бере аласың.

Байланыш кызматтары Интернет аркылуу ишке ашырылат, бул болсо дүйнө жүзүнүн кайсы жеринде болсоң да ар дайым байланышта болууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жакындарың сага кадимки MegaCом номуруңа чалган сыяктуу эле чалышат.

MegaChat
Чалууларды аткар
Дүйнө жүзүнүн каалаган жеринен арзан баада чалуу аткар
MegaCom виртуалдык номурларына
тиркеменин ичинде
Үн жана видео чалуулар
0,0сом/мүн.
MegaCom кадимки номурларына
тиркемеден тышкары
0,8сом/мүн.
КРдин мобилдик операторлорунун номурларына
5,8сом/мүн.
КРдин катталган байланыш операторлорунун номурларына
5,8сом/мүн.
КРдин мобилдик операторлорунун номурларына чыккан SMSтер
1сом/SMS
Нарктар бардык салыктарды эсепке алуу менен көрсөтүлгөн
MegaChat
MegaChat аркылуу баарлаш
  • Үн жана видео чалууларды аткар
  • Досторуң менен чат аркылуу баарлаш
  • Сүрөт жана видео жөнөт
  • Файлдарды жөнөт
  • Өзгөчө стикерлер менен маанайыңды билдир
Буларды да колдонуп көр
Mega iTV
Санариптик телекөрсөтүү
сенин смартфонуңда
MegaPay
Электрондук капчык
Оңой төлө!
Көп берилүүчү суроолор
Часто задаваемые вопросы
  • MegaChat тиркемесин бета-тестирлөөгө ким катыша алат?

    Жеке формада тейленген MegaCom абоненттери тиркемеге катталып жана тестирлөөгө катыша алат.

    Эгерде Сиз MegaCom абоненти эмес болсоңуз, Тиркемеден виртуалдык номур алып жана ошол эле Тиркемеде ал номурга байланыш кызматтарын көрсөтүү келишимин түзүү менен MegaCom абоненти боло аласыз. Бул үчүн мобилдик операторлордун бири тарабынан берилген учурдагы номуруңузду тиркемеде киргизүүңүз зарыл. Ал номуруңузга тиркемеге кирүү үчүн авторизация коду менен SMS жөнөтүлөт. Андан соң каттоо талаачаларын толтуруңуз. Каттоодон ийгиликтүү өткөндөн кийин Сизге виртуалдык номур бөлүнүп берилет. Ал номуруңуз аркылуу сиз байланыш кызматтарынан колдоно аласыз (Интернетке жетки болгон учурда).

  • MegaChat тиркемесин колдонууда интернет кандайча тарифтелет?

    MegaCom интернети менен колдонгон учурда интернет-трафик тарифтелбейт.

  • Виртуалдык номур кадимки номурдан эмнеси менен айырмаланат?

    Виртуалдык номур - MegaChat тиркемесинде гана колдонулуучу жана бир катар артыкчылыктарга ээ болгон абоненттик номур.

  • MegaCom виртуалдык номурунун балансын кантип толуктоого болот?

    Виртуалдык номурдун балансы MegaComдун кадимки номурунун балансын толуктагандай эле толукталат.
    Төлөм жүргүзүүнүн жолдору тууралуу толук маалымат бул жерде.

  • MegaChat тиркемесинде кирген чалууларды кабыл алуу режимин кандайча тууралап алууга болот?

    Сиздин MegaCom номуруңуз өчүрүлгөн, же болбосо жеткиликтүү эмес болгон учурда да бардык кирген чалуулар тиркемеге келип түшөт. Эгерде кааласаңыз шартсыз даректөөнү коюп алсаңыз болот. Бул үчүн тиркеменин тууралоолор менюсундагы «Бардык кирген чалууларды MegaChat мобилдик тиркемесине кабыл алуу» басмагын басып койсоңуз, бардык кирген чалуулар дароо тиркемеге жөнөтүлө баштайт.

    Мобилдик түзмөктүн параметрлеринде MegaChat сервисинин кайра даректөө номурун өчүрүүдө/чалууларды кайра даректөө кызматы боюнча номурду кайра даректөөнү орнотуу жолу менен өзгөртүүдө/ кирген чалуулар тиркемеге түшпөйт.

  • Мен MegaCom виртуалдык номурун тандап алсам болобу?

    MegaCom виртуалдык номурун тандоого жана алмаштырууга мүмкүн эмес. Номур Оператордун каалоосу боюнча бош абоненттик номурлардын ичинен берилет. Зарыл болгон учурда Сиз өзүңүзгө жаккан номурду MegaCom Сатуу жана тейлөө борборунан же Фирмалык салонунан алып, тиркемеде каттап алуу үчүн колдонсоңуз болот.

  • Виртуалдык номурду Тиркемесиз колдонсо болобу?

    Виртуалдык номурду GSM түйүнүндө (интернет түйүнүнө кошулбастан ) колдонуу үчүн идентификациялоодон өтүп, жана да MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунун же Фирмалык салондорунун биринде ушул эле номуруңуз менен SIM-карта алсаңыз болот.

  • MegaChat тиркемесине MegaComдун жаңы абоненттерин каттоодо эмне үчүн инсандыгын тастыктоочу документ талап кылынат?

    Инсандыгын тастыктоочу документ, байланыш кызматтарын көрсөтүү келишимин түзүү үчүн зарыл. Байланыш кызматтары ушул келишимдин негизинде көрсөтүлөт.

  • Менде «Үн почтасы»/ «Байланышта» / «Ким чалды?» кызматтары активдүү, эгерде мен MegaChat тиркемесине катталсам алар аракетте болобу?

    «Үн почтасы», «Байланышта» жана «Ким чалды?» кызматтары MegaChat менен бир убакта колдонулбайт. Абонентти Тиркемеге каттоодо аталган кызматтар өчүрүлөт.

  • MegaChat тиркемесинде конференц-байланыш жеткиликтүүбү?

    MegaChat-та конференц-байланышты уюштурууга мүмкүн эмес. Бирок MegaChat абонентин конференц-чалууга кошууга болот.

  • «Номурду аныктабоо+» кызматын кошуп алып, MegaChat тиркемесиндеги номурумду жашырын кылса болобу?

    Кызмат MegaChat-та аткарылган чалуулар үчүн жеткиликтүү эмес.

  • MegaChat тиркемесин бир эле убакта бир нече түзмөктөрдө колдоно аламбы?

    Тиркемеде бир номурду колдонуу менен бир нече түзмөктөрдө бир убакта авторизациядан өтүүгө болбойт.

  • MegaChat-тан кыска номурларга кантип чалуу аткарса болот?

    Кыска номурларга чалууларды аткарууга жана SMSтерди жөнөтүүгө болбойт.

  • MegaChat тиркемесинде түз номур менен катталса болобу?

    Ооба, түз номурлоосу менен номурларды каттоо жеткиликтүү. MegaChat түз номурларына КРдин катталган байланыш операторлорунун абоненттеринен кирген үн чалуулары Түз номур ТОсунун шарттарына ылайык тарифтелет.

  • MegaChat - тан аткарылган чалууларда тарифтик план боюнча мүнөттөр топтому сарпталабы?

    Тиркемеден чалууларды аткарууда жана SMS жөнөтүүдө абоненттердин топтомдор/ ТО/ ТП боюнча активдүү арзандатуулары колдонулбайт.

  • MegaCom абоненттери менин виртуалдык номурума чалган учурда чалуу кандайча тарифтелет?

    MegaCom абоненттери тарабынан тиркемедеги виртуалдык номурларга чалуулар аткарылган учурда чалуулар ТПга же ТОго/топтомдорго ылайык, б.а. MegaComдун кадимки номуруна чалуу аткаргандай эле тарифтелет.

MegaChat сервисин көрсөтүү Колдонуучулук макулдашууда жана Абоненттик номурдун урунуу мерчиминде (циклында) белгиленген шарттарда жана тартипте ишке ашырылат.