755 коду менен жаңы номурлар
*755
0 (755) 000 755
Келгиле чурулдайбыз!
Өз топтомуңду танда
100 Гб
Интернет топтому
Акысыз
24/7
түйүн ичиндеги чалуулар
Акысыз
түйүн ичиндеги SMSтер
100 Гб Интернет топтому
Акысыз 24/7 түйүн ичиндеги чалуулар
Акысыз түйүн ичиндеги SMSтер
Акысыз:
600
сом/айына
*755*3#
кошуу үчүн буйруу
50 Гб
Интернет топтому
Акысыз
24/7
түйүн ичиндеги чалуулар
Акысыз
түйүн ичиндеги SMSтер
50 Гб Интернет топтому
Акысыз 24/7 түйүн ичиндеги чалуулар
Акысыз түйүн ичиндеги SMSтер
Акысыз:
400
сом/айына
*755*2#
кошуу үчүн буйруу
20 Гб
Интернет топтому
Акысыз
24/7
түйүн ичиндеги чалуулар
Акысыз
түйүн ичиндеги SMSтер
20 Гб Интернет топтому
Акысыз 24/7 түйүн ичиндеги чалуулар
Акысыз түйүн ичиндеги SMSтер
Бесплатно:
250
сом/айына
*755*1#
кошуу үчүн буйруу
Көлөмдөр жетпей калдыбы? Дагы ал!
S
20 Гб
+
2 Гб
25 сом
M
50 Гб
+
5 Гб
50 сом
L
100 Гб
+
10 Гб
90 сом
S
20 Гб + 2 Гб
25 сом
M
50 Гб + 5 Гб
50 сом
L
100 Гб + 10 Гб
90 сом
*755*4#
кошуу үчүн буйруу

Көп берилүүчү суроолор
Көп берилүүчү суроолор
  • Тарифтик планга кантип кошулууга болот?

    «Хайп» - бул «755» коду менен MegaCom жаңы номурларын кошуу үчүн тарифтик план! «Хайп» тарифине өтүү жабык. «55X» кодунан «755» кодуна номур алмаштыруу жеткиликтүү эмес.

    Тарифке төмөндөгүдөй жолдор аркылуу кошулууга болот:

    • MegaCom Тейлөө борборлору жана Фирмалык салондору
    • Сатуулардын мобилдик топтору (соода борборлорунда, базарларда, эл көп чогулган жайларда)
  • Топтомду кантип кошууга болот?

    «Хайп» тарифинде тандоого жараша S, M, L топтомдорунун бирин милдеттүү түрдө кошуп алуу керек.
    Тандалган топтомдун алкагында абонентке бир календардык айга интернет-трафиктин болуп көрбөгөндөй чоң көлөмү, MegaCom түйүнүнүн ичинде акысыз чалуулар жана SMSтер, берилет:

    Топтомдун аталышы Абон. төлөм айына Интернеттин көлөмү БОНУС MegaCom түйүнүндөгү чалуулар жана SMSтер Кошуу буйруусу
    S 250 с 20 ГБ Одноклассники.ru сайтына акысыз трафик(негизги топтомдон сарпталбайт) АКЫСЫЗ
    24/7
    *755*1# же *755#1#
    M 400 с 50 ГБ *755*2# же *755#2#
    L 600 с 100 ГБ *755*3# же *755#3#
    • Абоненттик төлөм ар бир календардык айда, топтом кошулган күндө жана убакытта алынат.
    • Бир эле убакта бир нече топтомдорду колдонууга болбойт, бир абонентте бир гана негизги топтом кошулган болуусу керек.
    • Абонент бир негизги топтомдон башка топтомго өткөн учурда, мегабайттардын калдыгы жаңы топтомго өткөрүлөт, ал эми аракет мөөнөтү жаңы топтомдун менен чогуу аяктайт.
    • Топтомдор Роумингде жеткиликтүу эмес.
    • Топтом боюнча көлөмдөрдү колдонуу үчүн оң баланстын болгондугу жетиштүү.
  • Топтомдогу интернет-трафиктин көлөмдөрү кандайча бөлүштүрүлөт?
    Топтомдун аталышы Күндүзгү топтом (саат 07:00 дөн 01:00гө чейин) Түнкү (саат 01:00 дөн 7:00гө чейин)
      2G/3G/4G түй.көлөм 4G түй.көлөм 2G/3G/4G түй.көлөм
    S 6 ГБ 6 ГБ 8 ГБ
    M 15 ГБ 15 ГБ 20 ГБ
    L 30 ГБ 30 ГБ 40 ГБ
    • Күндүз саат 07:00дөн 01:00 чейин 4G түйүнүндө алгач «бонустук 4G» топтому сарпталат, 2G/3G түйүнүнө өтөөр замат– «2G/3G/4G түй.күндүзгү топтом» аракетте болот.
    • Түнкүсүн саат 01:00 дөн 07:00гө чейин 2G/3G/4G түйүндөрүндө түнкү топтом гана аракетте болот.
    • Топтомдордун бири боюнча Мб көлөмдөрү аяктаган учурда (күндүз же түнкү) – интернет кызматы толугу менен бөгөттөлөт (кошумча көлөмдү автоматтык берүү функциясы кошулган учурдан тышкары).
    • Тарифтик планга ылайык интернет трафиктин тегеректөө кадамы 100КБ түзөт.
  • «Одноклассники» социалдык тармагына трафик кандайча сарпталат?

    S, M, L топтомдорунун алкагында абонентке Одноклассники.ru. сайтына акысыз чектөөсүз трафик берилет. Трафик негизги топтомдон сарпталбайт жана абоненттик төлөм өз учурунда төлөнгөн шартта көрсөтүлөт.

  • MegaCom түйүнүнүн ичинде мүнөттөр жана SMSтер кандайча сарпталат?
    • S, M, L топтомдорунун алкагында абонентке акысыз чалуулар (видео чалууларды да кошкондо) жана SMS-билдирүүлөр
    • MegaCom түйүнүнүн ичинде чыккан үн жана видеочалууларга суткасына 24 саат (1 440 мүн.) акысыз мүнөттөр берилет, б.а.мүнөттөрдүн бул көлөмүнөн ашкан учурда кийинки суткага чейин «Хайп» тарифинин негизги тарифтөөсү күчүнө кирет. Саат 00:00:00дө суткалык чектөөлөр токтотулат, мүнөттөрдүн акысыз көлөмдөрү кайрадан берилет.
    • Кайра даректөөдө негизги топтомдор боюнча мүнөттөрдүн көлөмдөрү аракетте болбойт, тарифтөө абоненттин тарифтик планына ылайык жүргүзүлөт.
  • Тарифтик пландын негизги шарттары (негизги тарифтөө)

    АТ төлөнбөгөндө, топтом боюнча көлөмдөр ашып кеткенде (сутканын 24 cаатынан) же түйүндөн тышкары аткарылган/жөнөтүлгөн чалууларда/SMSтерде, ХАЙП тарифинин негизги шарттары күчүнө кирет:

    Багыт Наркы, сом/мүн.
    Мобилдик байланыш операторлорунан кирген үн/ видео чалуулар 0
    Башка операторлордун номурларынан кирген үн жана видео чалуулар (анын ичинде эл аралык, «Кыргызтелеком» ААК катталган оператору жана «НУР Телеком» ЖЧК катталган номурларынан) 0
    Багыттар боюнча чыккан чалуунун мүнөтүнүн наркы (1 сек. чейин тегеректөө менен секундалык тарифтөө)
    «Альфа Телеком» ЖАКтын чыккан үн жана видео чалуулар 0,9
    Кыргызстандын мобилдик операторлорунун номурларына чыккан үн жана видеоичалуулар 4,9
    КР операторлорунун катталган номурларына чыккан чалуулар 4,9
    «Альфа Телеком» ЖАКтын жана Кыргызстандын байланыш операторлорунун номурларына SMS жөнөтүү 0,9
    S, M, L топтомдорунун алкагында көлөмдөр колдонулгандан кийин интернет-трафик берилбейт!

    Баалар бардык салыктарды эсепке алуу менен көрсөтүлгөн (КНС жана СС)

    • Сүйлөшүүнүн узактыгы 3 секундага чейин болгон учурда, ТИ (тарифтелбөөчү интервал) боюнча чыккан чалуунун алгачкы 3 секундасы тарифтелбейт, 4-секундадан тарта чалуулар толук көлөмдө тарифтелет (биринчи секундадан баштап).
    • Эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуулар мүнөтүнө тарифтелет. Эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуулар жана жөнөтүлгөн SMSтер «Эл аралык байланыш» кызматынын тарифтөөсүнө жараша аныкталат.
  • Топтомдун алкагындагы интернеттин көлөмү сарпталды! Эмне кылуу керек?

    Эгерде негизги топтом боюнча интернеттин көлөмү (күндүзгү/түнкү) аяктап, интернет кызматын бөгөттөлсө, ал эми Сизге кошумча көлөм керек дейли, мындай учурда кам санабай эле койсоңуз болот. Топтомдун ар биринде кошумча көлөмдөрдү автоматтык түрдө берүү жеткиликтүү:

    Топтом 2G/3G/4G түй.көлөм Наркы Кошуу буйруусу Өчүрүү буйруусу
    S 2 ГБ 25 с *755*4# или*755#4# *755*0# или *755#0#
    M 5 ГБ 50 с
    L 10 ГБ 90 с

    МААНИЛҮҮ: Кошумча көлөмдөр төмөндөгү учурларда берилет:
    - Негизги топтом боюнча лимит түгөнгөндө,
    - Кошумча топтом боюнча көлөм сарпталганда

    • Кошумча көлөмдөр колдонулгандыгына жараша, абоненттин балансында жетиштүү сумма болгон шартта (бир жолу кошуунун наркына барабар) жана кийинки айлык мөөнөткө чейин берилет.
    • Кошумча топтомдорду бир убакта колдонууга мүмкүн эмес, бир абонентте бир гана топтом төмөндөгү эрежелерге ылайык кошулган болууга тийиш:
      2Гб топтому – S топтому үчүн гана,
      5Гб топтому – M топтому үчүн гана,
      10Гб топтому – L топтому үчүн гана.
    • Абонент аракеттеги кошумча топтому менен негизги топтомдон башка топтомго өтүүнү кааласа, жаңы негизги топтом менен колдонууга мүмкүн болбогондуктан кошумча топтом өчүрүлөт.
    • Кошумча топтомдун иштөө убактысы негизги топтомдун иштөө убактысы менен бирдей болгондуктан, негизги топтомдун аяктай тургандыгына 30 мүнөт калган учурда кошумча топтомдорду активдештирүү/ автокошуу жеткиликтүү эмес.
  • Топтом боюнча трафиктин калдыктарын кантип текшерүүгө болот?

    Топтом боюнча интернет-көлөмдөрдүн калдыктары у *755# чалуу буйруусу аркылуу текшерилет.

  • Сарпталбаган МБ кийинки айга которуу (калдыктарды которуу функциясы)
    • Негизги топтом боюнча интернет-трафиктин калдыктары абоненттик төлөм өз учурунда төлөнгөн учурда автоматтык түрдө кийинки айга которулат. Тактап айтканда:
      1. 1. Абон.төлөмдү кезектеги жолу алуу учурунда жана көлөмдөрдү жаңыртууда система баланста акча каражаттарынын жетиштүү экендигин текшерет.
      2. 2. Эгерде акча каражаттары жетиштүү болсо, система каражаттарды абон.төлөмдун эсебине киргизет жана мегабайттардын сарпталбаган көлөмү кийинки айга которулат.
      3. 3. Эгерде баланстагы каражаттар АТ төлөө үчүн жетишсиз болсо, калдыктар күйүп кетет.
    • Калдыктарды которуу топтомдун түрүнө жараша ишке ашырылат, маселен, 4G күндүзгү топтомунун трафигинин калдыгы жаңыртылган 4G күндүзгү топтомуна гана которулса, ал эми түнкү трафиктин калдыгы түнкү топтомго которулат.
    • Которулган калдыктардын көлөмү негизги топтом боюнча көлөмдөрдөн ашпоосу керек.
    • Биринчи кезекте которулган калдыктардын топтому сарпталса, андан кийин негизги топтом сарпталат.
    • Калдыктарды которуу функциясы негизги топтом менен жарыяланбас түрдө кошулат, функцияны өчүрүүгө мүмкүн эмес.
    • Калдыктарды которуу MegaCom түйүнүнүн ичиндеги мүнөттөргө жана SMSтерге жайылтылбайт.
  • Тарифтин алкагында MegaChat тиркемесинин иштөө өзгөчөлүктөрү.

    «Хайп» тарифинин алкагында абонентке MegaChat тиркемесинин ичинде баланстын абалынан же абоненттик төлөмдүн төлөнгөндүгүнөн көзкарандысыз акысыз чалууларды аткаруу жана билдирүүлөрдү жөнөтүү мүмкүнчүлүгү каралган (MegaChat тиркемесинен мобилдик түйүн аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтүү жана чалууларды аткаруу Тиркеменин шарттарына ылайык ишке ашат).

  • Эгерде мен топтомду алмаштырсам, МБ калдыктары эмне болот?

    Топтомду алмаштырууда (мисалы, «L» топтомунан «S» топтомуна) сарпталбаган МБ калдыктары толук өлчөмдө которулат, иш-аракет мөөнөтү жаңы топтомдун, б.а. календардык айдын аяктаган күнү менен чогуу аяктайт.

  • Жарым жылга кошууда Cash Back акциясы. Акция аяктады

    Акциянын алкагында S, M, L топтомдорунун бирин кошууда «Хайп» тарифи менен абонент 20% дан 40% га чейин арзандатууга ээ болот. Тандалган топтом үчүн жарым жылдык абоненттик төлөмдү төлөгөн маалда акчалай эквивалент түрүндөгү арзандатуу абоненттин балансына кайтарылып берилет:

    Топтом Кошулуу наркы Арзандатуунун өлчөмү Акча каражаттарын баланска кайтарып берүү Акция боюнча топтомду кошуу буйруусу
    S 1500 с 20% 300 с кайтарып беребиз *755*5*1# же *755#5#1#
    M 2400 с 30% 720 с кайтарып беребиз *755*5*2# же *755#5#2#
    L 3600 с 40% 1440 с кайтарып беребиз *755*5*3# же *755#5#3#

    ХАЙП түркүмүнүн топтомдорунун бирин кошууда жана абоненттик төлөмдү дароо 6 ай үчүн төлөгөн учурда акы төлөнүүчү категориялардын («күмүш», «алтын», «платина 7500») номурларына жана Cash Back акциясынын алкагында кошууга арзандатуулар каралган:

    Арзандатуу Күмүш 300 Алтын 3000 Платина 7500
    20% 240 2400 6000
    30% 210 2100 5250
    40% 180 1800 4500
    • Акциянын катышуучусу топтомду алмаштыруу же Акцияга катышуудан баш тартуу үчүн MegaCom Тейлөө борборлоруна жана Фирмалык салондоруна кайрылуусу керек.
    • Акциянын катышуучусуна «Мобилдик которуу» кызматы жеткиликтүү эмес.
    • Топтомдун наркы жарым жылга алынган учурда, абонентке топтомду ай сайын жаңыртуу шарттары жеткиликтүү, бул учурда калдыктар кепилдик менен которулат!
  • «Хайп» тарифинде жеткиликтүү болгон кызматтардын жана опциялардын тизмеси.
    «Хайп» сериясынын топтомдору
    (S, M, L)
    MegaPay «Балансты текшерүү»
    (*500#)
    « S, M, L кошумча көлөмдөрү»топтомдору MegaChat «АТК статусун текшерүү»
    (*555#)
    Роуминг (кийин төлөнүүчү, алдын ала төлөнүүчү, GPRS) IP чалуу «Экинчи дем»
    (*400*10#)
    «Сүйүктүү өлкө» ТОсу «Чалууну кайра даректөө» «АТК активдештирүү (төлөм карталары)»
    (*555#)
    «Учурдагы арзандатууларды текшерүү» (*505#) «Ким чалды?» «LTE колдоосун текшерүү сервиси» кызматы
    «Кара тизме» (*220#) «Билим берүү» ТОсу «Мобилдик которуу» кызматы
    «Мага кайра чал» (*202#) «0+абалында чал» ТО «Бесплатный доступ к сайту MegaCom»
    «Акысыз сервистик кызматтар» «Тил тандоо» (*404#) Номурду жана тарифти текшерүү (*112#)
    «Досумдун эсебинен чалуу» «Баланс +» «Үн почтасы *990»
    «Сиздин төлөм» (*140#) «Сени издейм» (*255#) «Үнөмдүү роуминг»
    «My Info» (8687) «USSD-де буйруулардын толук тизмеси» (*100#) «Mega iTV»
    «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу» «Эсептөөлөрдү текшерүү» (*080#,*081#) «Эскертүү чеги» (*081*9#)
    «MegaComго жеңил кадам» кызматы. «Сиздин мобилдик эсебиңиз» (*130#) «Эксперт»
    «SMS Эксперт»

    Контент-провайдерлердин кызматтары:

    «IVR Витрина» (777) «ШАЙЫР ЧАЛУУ» (790) «Background Music»/«Алиби» (0800)
    «GoodOK» (770) «MegaMusic өзү үчүн» (705) «MegaMusic» (*700#)
    «Байланышта» (*970#) Engster(*993#) SMS-чат (*8880#)
    Толукта жана утуп ал (*2050#) Видеопортал (*9717#) Китеп порталы (*9718#)
    Балдар порталы (*9720#) Футболдук портал (*9727*1#) Спорттук портал (*9727*2#)
    Flirtbox (*203#) Маанай (2506) «Мега Бонус» лоялдуулук программасы (*5555#)
  • Тарифтик пландын урунуу циклы

    «Хайп» тарифинде Урунуу Циклынын мөөнөттөрү төмөндөгүдөй:

    • «Активдүү» режим» – 200 күн;
    • «Жарымактивдүү» режим – 200 күн;
    • «Күтүү» режими – 30 күн.

    Абоненттин номуру жана анын балансындагы акча каражаттарынын калдыгы акы төлөнүүчу кызматтардан 230 календардык күндөн ашык колдонбогон учурда жокко чыгарылат.

  • Нөл баланстагы мүмкүнчүлүктөр.

    Абоненттин балансы 0,00 сом же андан төмөн болсо:

    • Мобилдик түйүн аркылуу акысыз чалууларды жана SMSтерди кабыл алуу,
    • «MegaChat» тиркемесиндеги катышуучулар менен чалуулар/билдирүүлөр менен алмашуу (тиркеме ичинде).