Мобилдүүлүктү жаңы деңгээлге көтөр!
Кошуу
  • eSIM-картаны кайсы түзмөктөр колдойт?
    • iPhone XS, XS MAX, XR, 11, 11 Pro, 11 Pro Max, 12, 12 mini, 12 Pro, 12 Pro Max, iPhone 13, iPhone 13 mini, iPhone 13 Pro, iPhone 13 Pro Max;
    • Samsung Galaxy S20 Ultra 5G, Samsung Galaxy S20+ 5G, Samsung Galaxy S20 5G, Samsung Galaxy S20+, Samsung Galaxy S20, Samsung Galaxy Z Flip, Samsung Galaxy Fold;
    • Google Pixel 4, 4XL, 3XL смартфондору;
    • Apple Watch cааты 3, 4, 5 сериясы
    • eSIM технологиясын колдогон башка түзмөктөрдүн үлгүлөрү.
  • Баасы канча турат?

    eSIM -картаны активдештирүү наркы аракеттеги жана жаңы абоненттер үчүн 100 сомду түзөт.
    Милдеттүү түрдө абоненттик төлөмү менен тарифтик планга кошулуу жана келишим түзүү керек.

  • Кантип жана кайдан алууга болот?

    MegaCom компаниясынын каалаган Сатуу жана тейлөө борборуна келиңиз жана түзмөктүн тескөөлөрүндө eSIM-картаны активдештирүү үчүн уникалдуу QR-кодду алып, сиздин түзмөгүңүздө сканерлөө керек.

    https://www.megacom.kg/pages/tsentry-prodazh-i-obsluzhivaniya?locale=kg

  • eSIM-картаны кантип кошууга болот?
    • түзмөгүңүз eSIM-картаны колдой тургандыгын текшерип алыңыз;
    • MegaCom Сатуу жана тейлөө борборуна келиңиз да, келишим түзүп уникалдуу QR-кодду алыңыз;
    • eSIM-картанын активдештирүү наркын төлөп, топтому менен тарифтик планды тандаңыз;
    • интернет-түйүнгө кошулгандыгын текшериңиз ( Wi-FI же берилиштерди өткөрүү аркылуу);
    • Телефондун тескөөлөрүнөн төмөндөгүлөрдү тандаңыз: Тескөөлөр — Уюлдук байланыш — Уюлдук тарифти кошуу;
    • QR-кодду сканерлөө.