Перейти на новый сайт


«Кийин төлөнүүчү роуминг»

Роуминг каалаган учурда жеткиликтүү алдын ала төлөмсүз

Роумингди кошуп баардык дүйнө жүзү боюнча байланыш кызматтарын колдоонуу үчүн кийин төлөнүүчү системасында эсептөө пайдаланылат

(милдеттүү түрдө балансыңызды 1000 сомдон кем эмес толуктоо керек)

0.0 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Роумингде кызматты кошуу жөнүндө ойлонбостон саякаттаныз

«Кийин төлөнүүчү роуминг» кызматы чет өлкөлөрдө жүргөн MEGA абоненттерине, өз номурун өзгөртпөстөн, төлөм жүргүзүүнүн кийин төлөнүүчү системасы боюнча байланыш кызматтарынан пайдалануусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Кызматты кошуу үчүн, чет өлкөгө сапарга чыгар алдында, Сиз компаниянын абоненттерди тейлөө Борборуна кайрылып (тейлөө түйүндөрүнүн даректери тууралуу маалыматты бул жерден билүүгө болот), кызматтын шарттары менен таанышып, «Кийин төлөнүүчү роуминг» кызматын кошуу арызын толтуруп жана балансыңызды 1000 сомдон («Кийин төлөнүүчү роуминг» кызматын кошуу чеги) кем болбогон суммага толукташыңыз керек. «Кийин төлөнүүчү роуминг» кызматын кошуу үчүн арыздын үлгүсүн бул жерден жүктөп алууга болот.

«Кийин төлөнүүчү роуминг» кызматы боюнча абоненттерге:

«Кийин төлөнүүчү роуминг» кызматы жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн тизмеси жана тарифтөөлөрү.

 «Кийин төлөнүүчү роуминг» кызматынын тарифтери жана тизмеси боюнча маалыматты бул жерден жүктөп алууга болот.

Роуминг кызматы eSIM форматтагы SIM-карта менен 3G жана 4G тармактарында жеткиликтүү. 3G/ 4G түйүндөрүндө ийгиликтүү катталуу үчүн телефондо тиешелүү тескөөлөрдү коюу керек. 2G роуминг түйүндөрүндө eSIM сим-карталарын каттоо мүмкүн эмес.

Түркиянын № 7186-24 мыйзамына ылайык, Интернетти колдонуу гана мүмкүнчүлүгү менен роумингден (SMS жана үн байланышы жок) 90 күндөн ашык колдонгон абонент https://www.turkiye.gov.tr/btk-uluslararasi-daimi-veri-dolasimi шилтемеси аркылуу каттоодон өтүүсү керек, болбосо Сиздин түзмөгүңүз Түркиянын мобилдик түйүндөрүндө (роумингде) иштебейт. Түркиянын  жарандары гана түзмөктү каттоодон өткөрө алат.

Thuraya спутник тармагындагы роуминг

Спутник тармагындагы роуминг Сизге жаңы мобилдик спутник технологияларына жетки алууга жана GSM түйүнүнүн каптоосу жок болгон өлкөлөрдө спутник тармагынан пайдаланууга шарт түзөт. Ал үчүн «Кийин төлөнүүчү роуминг» кызматына кошулган өзүңүздүн SIM-картаңызды мобилдик спутник телефонуна салуу жетиштүү, бул учурда Thuraya спутник тармагынын роуминги менен пайдалана аласыз.

Спутник системинде роуминг менен пайдалануу үчүн Satellite Telephony технологиясын колдогон мобилдик телефон (мисалы Thuraya XT, ThurayaXT Dual же iPhone SatSleeve ж.б.) керек.

Спутник телефондорун MEGA SIM-картасы менен пайдаланууда төмөнкүлөргө көңүл буруу зарыл:

  1. Жакынкы аралыкта спутник багытына жолтоо болуучу бийик имараттардын же башка тоскоолдуктардын болбогондугун текшерүү.
  2. Телефонду жандыруудан кийин Thuraya спутник тармагындагы роуминг кызматтарына жетки алуу үчүн телефондун тескөө менюсунда «Satellite Mode» телефон спутниктик байланыш режимине которулушу зарыл.
  3. Дисплейде Searching network (тармакты издөө) жазуусу пайда болот.
  4. Сигнал ийгиликтүү табылган учурда телефондун дисплейинде «Thuraya Network» же «Thuraya» жазуусу пайда болот.
  5. Спутниктик режимде экрандын жогорку тарабынын сол жак бурчунда сигналдын деңгээлин көрсөтүүчү индикатор |*| пайда болот. Эгерде сигналдын деңгээли күчтүү эмес болсо, сигнал туруктуу жана күчтүү болгон жерди кайрадан издөө зарыл.
     

«Кийин төлөнүүчү роуминг» кызматын кошууда, Сизге, MEGA компаниясы кызмат тууралуу маалымат алуу үчүн байланыш номур камтылган SMS-билдирүү жөнөтөт. MEGA тармагында байланыш номурга чалуу акысыз.

Өчүү чегине жетип «Кийин төлөнүүчү роуминг»  кызматы өчүп калганда, балансты толуктоодон кийин маалымдоо кайрадан келе баштайт.

«Кийин төлөнүүчү роуминг» кызматынан пайдаланууда, роумингдик эсептөөлөр абонент SMS, Интернет сессияларды, чалууларды аткарган жана кабыл алган күндөн тарта 1ден 65 календардык күнгө чейин конок (абонент роуминг кызматтарынан пайдаланган жергиликтүү байланыш оператору) оператор тарабынан Абоненттин эсебине киргизилет.

Роумингде аткарылган узактыгы 3 секундадан кем болгон кирген чалуулар тарифтелбейт.

Роумингде жүргөн учурда бардык үн чалуулар бир мүнөткө чейин көбөйүү жагына мүнөттүк тегеректөө менен тарифтелет.

Роумингде «Дарек жаңыртуу» кызматы (шарттуу жана шартсыз: «бош эмес», «жооп жок», «жеткиликтүү эмес» же «өчүрүлгөн» ) жеткиликтүү эмес. Роумингге чыгууда шартсыз/шарттуу дарек жаңыртуу кызматы активдүү болгон болсо, бардык кирген чалуулар Сизге роумингге кирет, жана да даректи жаңыртуу кызматы роумингде активдүү болбойт. Роумингден мекенине кайткан учурда «Дарек жаңыртуу» кызматы кайрадан иштей баштап жана аны өчүргөнгө чейин аракетте болот.

Факстарды жана берүүлөрдү жөнөтүү, чалуу багыты боюнча роумингдеги чыккан чалуу катары тарифтелет.

Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан аймактарында, Сиздин телефон чет өлкөлүк оператордун каптоо аймагына кирип, ал оператордун тармагында автоматтык түрдө катталышы мүмкүн. Кийин төлөнүүчү роуминг» кызматына автоматтык түрдө катталып калуунун жана тарифтөөнүн алдын алуу үчүн роумингден Кыргызстанга кайтканда компаниянын Абоненттерди тейлөө борборуна кайрылып, кызматты өчүрүп коюуну сунуштайбыз.

Сизде роумингдин иштебей калуусуна уюлдук телефонуңуз себеп болушу мүмкүн (мисалы, эскирген, программалык камсыздоосу алмаштырылган жана сертификациядан өтпөгөн уюлдук аппараттарды колдонууда, конок түйүнү жана аппарат колдогон жыштыктар дал келбегенде). SIM-картаңызды башка аппаратка салып көргөн учурда, көйгөй чечилиши мүмкүн.

Роумингдеги кирген жана чыккан SMS-билдирүүлөрдүн номурлары конок тармагы менен башка номурларга алмаштырылышы мүмкүн. Бардык жөнөтүлгөн SMS-билдирүүлөр терилген номурларга так жеткирилет. Кирген чалууларды кабыл алууда чалып жаткан абоненттин номуру өзгөрүлүп же телефондун дисплейинде жана чалуулардын деталдоосунда такыр эле жок болушу мүмкүн.

Айрым чет өлкөлүк операторлор тарабынан байланышуу аракети үчүн, б.а. телефондо чакырык башталган учурдан баштап төлөм алынышы мүмкүн экендигин (абонент аткарган чалуу аракетинин жыйынтыгына карабастан) эстен чыгарбоо керек. Ошол себептен, чалуунун ийгиликтүү же ийгиликсиз аткарылгандыгынан көзкарандысыз MEGA компаниясы Сизден чалуу аткаруу аракетиңиз үчүн төлөм алууга укуктуу.

Роумингде жүрүп бир чет өлкөдөн башка чет өлкөгө барган учурда, конок тармагында катталуу үчүн телефонду өчүрүп кайра жандыруу зарыл.

«Кийин төлөнүүчү роуминг» кызматынын сапаты уюлдук байланыш радио толкундарынын таратууда табигый ландшафттык жана техникалык шарттарга жараша же имараттардын жанында, туннелдерде, жер төлөлөрдө жана башка жер астындагы имараттарда жергиликтүү рельефтик жана курулуш өзгөчөлүктөрүнө, метеорологиялык шарттарга жана башка себептерге байланыштуу начарлашы же үзүлүшү мүмкүн.

«Роуминг», «Кийин төлөнүүчү Роуминг» жана «Интернет роуминг» кызматтарын кошууда аракеттеги тарифтик опциялардагы, топтомдордогу жана кызматтардагы арзандатуулар роуминг-өнөктөштүн тармагында болгон учурда жеткиликтүү болбойт, бирок абоненттик төлөм эсептеле берет. Абонент үй тармагында болгон учурда, аракеттеги тарифтик опциялардагы, топтомдордогу жана кызматтардагы арзандатууларга чектөө коюлбайт.

Уюлдук аппаратынын «передача номера» менюсунда «нет» пункту тандалган жана «Номурду аныктабоо +» кызматы кошулбаган абоненттер,  роумингде болгон учурунда,  чыккан  чалууларды аткарууда  кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн. Мындай жагдайларда "передача номера" менюсунун тууралоосунан «да» же «по умолчанию» пунктун тандоо сунушталат.

Туура эмес тарифтөөнүн алдын алуу үчүн,  роумингге чыгаар алдында кайра даректөө базасында иштеген бардык кызматтарды, жана да телефон аппаратындагы  кол түрүндөгү кайра даректөөнү өчүрүү сунушталат.


Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы