Перейти на новый сайт


eSIM

Физикалык слотту талап кылбаган жана интеграцияланган SIM-карта
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

eSIM - бул 6X5 мм өлчөмүндөгү, физикалык слотту талап кылбаган жана интеграцияланган SIM-карта.

Ыңгайлуу
SIM-карта үчүн бир гана слоту бар түзмөктөрдө да экинчи номер менен колдонууга болот.

Эркиндик
Номерлердин профилдерин толук кандуу башкаруу, SIM-карталарды алмаштыруунун зарылдыгы жок.

Коопсуз
SIM-картаны жоготуп алуу же бузуп алуу тобокелдиги жок.

Оңой
Болгону QR-кодду алыңыз жана сканерлеңиз.


eSIM-картаны кайсы түзмөктөр колдойт?

  • iPhone XS, XS MAX, XR, 11, 11 Pro, 11 Pro Max, 12, 12 mini, 12 Pro, 12 Pro Max, iPhone 13, iPhone 13 mini, iPhone 13 Pro, iPhone 13 Pro Max;
  • Samsung Galaxy S20 Ultra 5G, Samsung Galaxy S20+ 5G, Samsung Galaxy S20 5G, Samsung Galaxy S20+, Samsung Galaxy S20, Samsung Galaxy Z Flip, Samsung Galaxy Fold;
  • Google Pixel 4, 4XL, 3XL смартфондору;
  • Apple Watch cааты 3, 4, 5 сериясы
  • eSIM технологиясын колдогон башка түзмөктөрдүн үлгүлөрү.

 

Кантип жана кайдан алууга болот?
Mega компаниясынын каалаган Сатуу жана тейлөө борборуна келиңиз жана түзмөктүн тескөөлөрүндө eSIM-картаны активдештирүү үчүн уникалдуу QR-кодду алып, сиздин түзмөгүңүздө сканерлөө керек.

 

eSIM-картаны кантип кошууга болот?

  • түзмөгүңүз eSIM-картаны колдой тургандыгын текшерип алыңыз;
  • Mega Сатуу жана тейлөө борборуна келиңиз да, келишим түзүп уникалдуу QR-кодду алыңыз;
  • eSIM-картанын активдештирүү наркын төлөп, топтому менен тарифтик планды тандаңыз;
  • интернет-түйүнгө кошулгандыгын текшериңиз ( Wi-FI же берилиштерди өткөрүү аркылуу);
  • телефондун тескөөлөрүнөн төмөндөгүлөрдү тандаңыз: Тескөөлөр — Уюлдук байланыш — Уюлдук тарифти кошуу;
  • QR-кодду сканерлөө.

 

 

Кошуу

0.0
сом.

QR-кодуңузду, PIN1, PIN2, PUK1, PUK 2 коддоруңузду үчүнчү жактарга берүүгө болбойт. Калыбына келтирүү үчүн QR-кодду сөзсүз сактап коюңуз. Бул технологияны колдобогон түзмөккө eSIMꞌди кошууга мүмкүн эмес.

eSIMꞌди коюуга (орнотууга) же «кошууга» болбойт, eSIM колдоосу түзмөгүңүздүн өзгөчөлүктөрүндө болушу керек.

eSIMꞌге алмаштырып жаткан учурда, кардардын түзмөгү интернетке (Wi-Fi же  мобилдик берилиштер) кошулган болуусу керек (алмаштыруу жүргүзүлүп номердин мобилдик берилиштеринен тышкары). SIM-картаны eSIMꞌге алмаштырып жаткан учурда байланыш иштебейт.  Түзмөктү өчүрүп-жандыруу зарыл.

Бир  QR-код бир эле түзмөктө аракетте болот.

eSIM 2G түйүнүндө иштебейт.


Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы