Перейти на новый сайт


MegaCom жана спорт: «Mega Футбол» долбоору

«Mega футбол» долбоору MegaCom компаниясынын демилгеси менен иш жүзүнө ашырылууда.

Футбол оюнуна кайдыгер карабаган жаш спортчуларыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында, алгачкылардан болуп, 2011-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кичи-футбол аянтчасы курулган. Көл кылаасынан башталган бул жөрөлгө бүгүнкү күндө республиканын бардык аймагында ишке ашканы турат.

MegaCom компаниясы Кыргызстандагы спорт тармагынын өнүгүшүнө жигердүү салым кошуп, кикбоксинг, шахмат жана күрөш сыяктуу улуттук спорт федерацияларынын демилгелерин колдоп келүүдө.

Маселен, Лондондо өткөн XXX Олимпиадалык оюндарында республиканын күрөш боюнча улуттук курама командасына демөөрчүлүк көрсөткөн , Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Ооганстандын шахматчыларынын башын бириктирген Орто Азия Кубогун уюштуруп берген эле. Ал эми Европа Чемпионатынын жүрүшүн MegaComдун колдоосу менен түз эфирден көрүү футбол күйөрмандары үчүн эстен кеткис көз ирмемдер болду көрүнөт.

Алдыңкы уюлдук оператор келечек муунду сергек мүнөздөгү жашоого үндөп, спорт тармагына өзүнүн баа жеткис салымын кошуп жатканы шексиз.

MegaCom - спорт, сергек мүнөздөгү жашоо, келечектеги чемпиондор үчүн!