Перейти на новый сайт

Кайрымдуулук жана демѳѳрчүлүк

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары,

«Альфа Телеком» ЖАК (MEGA компаниясы) төмөндөгүнү билдирет:

Билим берүү, спорт, экология, маалымат-байланыш технологиялар тармактарындагы ири социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жана үй-интернаттары жана Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине жардам көрсөтүүгө байланыштуу, жеке жана юридикалык жактарга демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардам көрсөтүү токтотулат.

MEGA компаниясы, социалдык багыттагы мамлекеттик жеке өнөктөштүк, социалдык ишкердик жана кайрымдуулук сыяктуу социалдык демилгелерди өнүктүрүп келет. Компания жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган идеяларды жана демилгелерди колдоого алып, узак мөөнөттүү жана көп этаптуу долбоорлорун ишке ашырууга өттү. Бүгүнкү күндө, КСЖ алкагында компания тарабынан ишке ашырылып жаткан бир нече долбоорлор:

«MEGA балдарга» – компания республика аймагындагы балдар үйлөрүн, анын ичинде колдоого өзгөчө муктаж болгон балдар интернаттарын колдоого алган. Балдар үйлөрүнүн өтүнүчү боюнча тарбиялануучуларын азык-түлүк, тиричилик техникалары, оюнчуктар жана кийим-кечелер камсыз кылып келет. Мындан тышкары, социалдык демилгелер алкагында, компаниянын өзгөчө таланттуу кызматкерлери балдар үчүн кол өнөрчүлүк боюнча устаттык сабактарды өткөрүп турушат. «Балдар кол өнөрчүлүк чеберканасы» долбоору – балдардын өз колунан жаралган буюмдарды компаниянын жамаатынын ичинде сатууга шарт түзөт.

«Улуу Жеңиш»/«Жакшылык жана сый-урмат» күндөрүн белгилөө менен MEGA компаниясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, оорук эмгекчилерине, Ленинград блокадасынын катышуучуларына жана концлагердин туткундарына байма-бай колдоо көрсөтүп келет. Улуттук мобилдик оператор, майрамдарды утурлай жеке иш -чараларын өткөрөт жана Жеңиш күнүнө карата республикадагы 1000 ардагерге 2000 сом өлчөмүндөгү бир жолку акчалай жардамын тапшырат. Бул максаттарга жыл сайын 4 миллиондон ашык акча каражаты бөлүнөт.

«Mega Билим» – билим берүү долбоорунун алкагында КРдин мектептерине USB-модем аркылуу интернетке кошулган 1000 компьютер акысыз тартууланган. Аталган билим берүү демилгеси менен Кыргызстандагы мектептердин 7 пайызы капталган. Долбоордогу мектептердин окуучулар компьютерлерди иш жүзүндө колдонуп, ал эми мугалимдер электрондук китепканадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бүгүнкү күндө, мегабилим мектептеринде жана өлкөбүздүн аймактарындагы жогорку билим берүүчү окуу жайларда билим алып жаткан окуучулардын жана студенттердин интернет коопсуздук, уюлдук байланыш жабдуулары, базалык станциялар, телефон аркылуу алдамчылык жана мобилдик этикет тууралуу билимин жогорулатууга багытталган «Мобилдик сабаттуулук сабактары» долбоору ишке ашырылууда.

«Mega Футбол» социалдык долбоорунун алкагында бир топ алгылыктуу саамалыктарды ишке жүзүнө ашырылмакчы, бүгүнкү Баткен, Токмок шаарларындагы мини-футболдук талаалардын курулушу аяктап, Талас шаарынын стадиону оңдолуп-түзөлдү.

MEGA өз кызматкерлери үчүн корпоративдик спорттук оюндарды уюштурууну салтка айландырган. Мекендештеринин футбол оюнуна болгон кызыгуусун арттыруу менен гана чектелбестен,компания кыргызстандык спортчуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.


«MegaCom аллеясы» - Жал кичирайонундагы Эне-баланы коргоо Улуттук борборунун аймагын тазалоого жана жашылдандырууга багытталган долбоор.

Аталган балдар ооруканасында Кыргызстан жана Орто Азия аймагынан келген 100миңдеген бөбөктөр, өспүрүмдөр ден соолугун чыңдап турушат. 2012-жылы Жер Күнүнө карата биздин кесиптештерибиздин жана «Нурмээайса» борборунун тарбиялануучуларынын күчү менен 400дөй бак-дарак отургузулуп, кичине бейтаптардын тез сакайып кетүүсүн шарттаган 9 отургуч орнотулган. 2013-жылы ландшафттык дизайнга ылайык «Зеленстрой» муниципалдык ишканасы менен биргеликте сирендин, шуунун, туянын, ак чечектин, мажүрүм талдын 111 жашыл көчөтү тигилген. Долбоор алкагында мекенибиздин ири шаарларынын сейилбактарын көрктөндүрүү максатын көздөйт.

«Жашыл кеңсе» долбоору компания ичиндеги экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө шарт түзөт. Кызматкерлер үчүн атайын велосипед токтотуучу жай жабдылган, электр энергиясын үнөмдөө, компаниянын ресурстарын көздүн карегиндей сактоо. Бардык бизнес процесстер электрондук иш кагаздарын жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат. Экологиялык маданият корпоративдик маданияттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Өлкө казынасына миллиондогон салыктарды, үлүшпайдаларды төлөп туруу менен компания өз социалдык жоопкерчилик саясатын ишке ашырууда. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана маданият тармагындагы турдүү долбоорлорго байма-бай колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы коомчулукка маалым. MEGA билим сапатын жогорулатууга, спорт тармагын өнүктүрүүгө жана маданий-тарыхый мурастарды сактоого салым кошуу менен өлкө келечегинин пайдубалын түптөп келет.

Кайрымдуулук алкагындагы кыска номурлар тууралуу маалымат

Банк жөнүндөгү мыйзамдарынын эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү жана аткарууну жөнгө салуу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу, Кыргызстандын Улуттук банкынын талабы боюнча топтоо номурларын ачуу токтотулду.

Кыргызстандын Улуттук банкынын эскертүү катын эске алып, компания кыска номурларды ачууну токтотуу жана абоненттик топтоо номурларын колдонуудан баш тартуу чечимин кабыл алды. Абоненттик топтоо номурлары – стандарттык форматтагы номурлар (055ХХХХХХХ), абоненттер тарабынан байланыш кызматтарынан колдонуу үчүн эмес, номурдун балансында кызыкдар жактардан акча каражатты топтоо жана абоненттик келишимди жокко чыгарууда, баланска түшкөн каражатты, пайдаланылбаган алдын ала төлөм катары кайтарып алуу үчүн колдонулган.

Азыркы учурда, кайрымдуулук максаттарында жеке жана юридикалык жактар кыска номурду ача алышпайт. Каражат топтоо кыска жана абоненттик номурларын ачууга тыюу, кайрымдуулук максаттарында каражатты топтоо номурларын колдонуу мыйзам тарабынан жөнгө салынганга чейин аракетте болот.

Каражатты топтоо эсептерин ачуу суроосу боюнча Кыргыз Республикасынын банк мекемелерине кайрылууну сунуштайбыз. 
Кошумча маалымат алуу үчүн бул катка жооп берүү аркылуу же Суроо бериңиз шилтемеси боюнча өтүп жаңы суроо бере аласыз.

Байланышуу үчүн: *500, 0555500000 (чалуу акысыз), *505 (кайрылуу наркы 10 сом), 500 (акысыз SMS жөнөтүү).

Толук маалымат төмөнкү шилтемеси боюнча: «SMS – кеңешчи» кызматы