Перейти на новый сайт

MegaCom камтууга алуу аймагын кеңейтүүнү улантууда

 

MegaCom камтууга алуу аймагын кеңейтүүнү улантууда

Базалык станциялар саны боюнча Кыргызстандын уюлдук байланыш рыногунда талашсыз лидердик орунду ээлеген MegaCom компаниясы камтууга алуу аймагын кеңейтүү жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча ишин улантууда. Декабрь айынын башталышынан тартып компания тарабынан алты жаңы базалык станциялар орнотулду. Алардын үчөө – Бишкек шаарында жана үчөө  – Жалал-Абад областында коюулду.

Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарынын, Терек-Сай айылынын жана Иштамберди тоо-кен комбинатына жакын жашагандар менен катар эле борбор шаарыбыздын 10-кичи районунун, Кустанай жана Жумабек көчөлөрүнүн жашоочулары байланыштын сапатынын жакшыруусуна баа беришти. MegaCom компаниясынын станцияларынын жалпы саны республика боюнча 1070 ге жетти.

Келерки жылы MegaCom компаниясы Кыргызстандын бардык областтарында дагы 170 базалык станцияны орнотууну пландаштырууда, бул республиканын эң алыс жайгашкан аймактарын үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз кылат.  Түйүндү кеңейтүү жана оптималдаштыруу багытындагы максаттуу иштер компания тарабынан туруктуу негизде жүзөгө ашырылып жаткандыгын белгилей кетмекчибиз.

 

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы