Перейти на новый сайт
Россия акционерлери MegaCom компаниясынын өнүгүүсүнө 50 млн. АКШ долларынан ашык инвестиция жумшамакчы

 

Россия акционерлери MegaCom компаниясынын өнүгүүсүнө 50 млн. АКШ долларынан ашык инвестиция жумшамакчы

2014-жылга чейин MegaCom түйүнүнүн техникалык өнүгүүсүнө жана байланыштын жаңы форматын ишке киргизүүгө 50 млн. АКШ долларынан ашыкты түзөт. Ири уюлдук оператордун пландары туурасында комментарийин компания башкармалыгындагы мамлекеттин өкүлү, башкы директордун биринчи орун басары Азат Базаркулов берди.

– MegaCom компаниясынын акцияларынын 49 пайызы улутташтырылган, ошондой эле компаниянын финансылык ийгиликтери өлкө бюджетине түздөн-түз таасирин тийгизет. Оператордун жетишкендиктери олуттуу инвестициялар, туура пландаштыруу жана сапаттуу менеджмент менен шартталган. Алынган натыйжалар оозго аларлык: бул жылы MegaCom компаниясынын абоненттеринин саны 2 миллиондон ашты. Кыргызстан үчүн кыргызстандыктардын жашоо деңгээлин жогорулатып келген MegaCom сыяктуу мындай салык төлөөчүлөр жана жумуш менен камсыз кылуучулар пайдалуу, – дейт Азат Базаркулов.

Россия инвесторлору тарабынан мамлекет менен бирдикте компанияны жана жалпысынан алганда телекоммуникация тармагын өнүктүрүү жагында олуттуу иштер аткарылууда. Учурда кыргыз-россиялык уюлдук оператору үчүнчү муундагы байланыш - 3G стандартын киргизүү тармагында иш алып барууда, аны ишке киргизүү 2011-жылдын баш жагына каралган. Аталган стандарт компания тарабынан аралык катары кароого алынууда, анткени MegaCom компаниясы - маалыматтарды берүү ылдамдыгы 100 Мб/сек чейинкини түзүүчү төртүнчү муундагы түйүн - LTE –киргизүүгө багыт алууда.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы