Перейти на новый сайт

MegaCom жана КВН: SMS-добуш берүүнүн жеңүүчүсү табылды

 

MegaCom жана КВН: SMS-добуш берүүнүн жеңүүчүсү табылды

Кыргызстан КВНинин Жогорку лигасынын оюндарынын алкагында SMS-добуш берүүнүн эң активдүү катышуучусу  Спорт ордосунда сыйланды. Сүйүктүү командасын колдоо иретинде Бишкектин тургуну Назгуль Абдраева 266 SMS билдирүүнү жөнөткөн, бул аракети үчүн ал SMS-добуш берүүнүн эң активдүү катышуучусу наамын жана MegaCom компаниясынан белектерди алды.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан КВНнинин күйөрмандары Жогорку лиганын кийинки баскычына өткөн команданы аныктаган SMS-добуш беришкен.. КВНдин бардык күйөрмандарына мындай мүмкүнчүлүктү оюндардын башкы демөөрчүсү – MegaCom компаниясы сунуштаган. Эң активдүү «Веселый Строитель» командасынын күйөрмандары табылды – ушул командагаа күйөрмандардын  эң көп сандагы SMS-билдирүүлөрү келип түшкөн.

Добуш берүүнүн эң активдүү катышуучусун сыйлоо аземи 1/8 финалдын жүрүшүндө 27-ноябрь күнү өткөрүлдү. «Мен КВНге туруктуу колдоо көрсөтүп келгендиги үчүн MegaCom компаниясына ыраазычылыгымды билдирем. Кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстан КВНинин курама командасынын шайыр оюнчулары жакында Москва шаарында өткөрүлгөн КМШ Кубогу  оюндарында Янтарь Кубогун алып, Кыргызстандын а да татыктуу болушту», - дейт Назгуль Абдраева.

1/8 финалдын жыйынтыгы боюнча кийинки баскычка 15 -команда өттү.Калыстар тобунун чечими мына ушундай күтүүсүз болду.  Кийинки оюндарда топтолгон упайларга 1/8 оюндун баалары кошулуп, упайлардын суммалары боюнча жарым финалдын катышуучулары аныкталмакчы. Чейрек финал оюндары 2011-жылдын февраль айында өтмөкчү.

 

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы