Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы Кыргызстандыгы биринчи IT-форумдун башкы өнөктөшү болду

 

MegaCom компаниясы Кыргызстандыгы биринчи IT-форумдун башкы өнөктөшү болду

26-ноябрь күнү Бишкек шаарында биринчи иаалыматтык технологиялар Форуму – ИКТ тармагындагы эң ири иш-чара өткөрүлдү. Бул саамалык бизнес-түзүмдөр, бийлик органдары жана жарандык коом үчүн эң мыкты баарлашуу аянтчасы болду. Форумда сөз сүйлөгөн Президент Роза Отунбаева өлкөдө байланыш тармагы тез өсүп жатканын белгиледи. Иш-чаранын алкагында өлкө башчысы телекоммуникация рыногунун келечегин талкуулап, Форумдун башкы демөөрчүсү -  MegaCom компаниясынын россиялык инвесторлору менен жолугушту.

Форумда MegaCom компаниясынын өкүлдөрү Президентти компаниянын 2013-жылга чейин өнүгүү стратегиясы менен тааныштырды. Келерки жылы кыргыз-россиялык MegaCom оператору компаниянын техникалык өнүгүүсүнө болжол менен $ 30 млн. жумшап, республиканын алыскы райондорун уюлдук байланыш менен камсыз кылууга аймактарда 172 базалык станцияларды орнотууну пландаштырууда. Ошондой эле 2011-жылы уюлдук телефон ээлерин Интернетке кирүүнүн тез ылдамдыктарын камсыз кылууга жөндөмдүү болгон 3G түйүнүн кеңири колдонууга киргизүү пландаштырылууда. 2012-жылы MegaCom негизги басымды LTE –түзгөн -  Интернет түйүнүнөн 100 Мбит/секунд ылдамдыгында маалымат алуу   боюнча жаңы технологияга жасайт.

MegaCom компаниясынын башкы директорунун орун басары Жылдыз Караталова белгилегендей, россиялык акционерлердин  мыйзамдуу укуктары калыбына келтирилгенден кийин, компания өлкө экономикасына каражаттарды активдүү сала баштаган: акыркы бир нече ай аралыгында Кыргыз Республикасынын бардык областтарында компаниянын өкүлчүлүктөрү ачылып, аймактардагы социалдык долбоорлор колдоого алынууда, миңден ашуун кыргызстандыктар жумуш менен камсыз болду. Компания туруктуу негизде аймактар ортосундагы санариптик теңсиздикти жокко чыгарган продуктуларды жана сервистерди ишке киргизип келет.

Форумдун алкагында MegaCom компаниясы “Кыргызстандагы мобилдүү интернет азыркы учурда жана келечекте” деген темадагы бет ачар жасады. Компаниянын маалыматтары боюнча, республикада мобилдүү интернет менен катталгандарга караганда абоненттер 10 эсе көп пайдаланат, бул тоолуу рельефтин өзгөчөлүгү жана мобилдүү жабдууларды пайдалануунун ыңгайлуулугу менен шартталган. Оңтойлуу динамиканын орун алышы айдан-ачык: “дүйнөлүк желенин” өлкөнү камтууга алуу деңгээли 5 жыл мурун 10,7% түзгөн болсо, 2010-жылы 30% ашкан.

- Бул форум Кыргызстан экономикасын биргелешип өнүктүрүүгө бизнес менен мамлекеттин өнөктөштүгүн арттырууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берди, - деп Форумдун жыйынтыгын чыгарды Жылдыз Караталова.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Пауза

    кызматы