Перейти на новый сайт
Кыргызстандык айым MegaCom компаниясынын жардамы менен армреслинг боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду

 

Кыргызстандык айым MegaCom компаниясынын жардамы менен армреслинг боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду

Белгилүү спорт чебери Ольга Ярославцева Швейцарияда өткөн Swiss Open 2010 эл аралык турнирге ийгиликтүү катышып келди. MegaCom компаниясы сопртчунун  таймашка барып келүүсүн каржылап берди. Ярославцева ар кандай категорияларда алтын жана күмүш медалдарына ээ болду. Спортчунун айтымында, ал турнирден  жеңиш менен гана кайтууга убада берген.

- Турнирдин 18 жылдык тарыхындаКыргызстан спортчулары ага катыша элек болчу. Мен эң алгачкысы болдум жана Германия, Голландия, Швеция жана башка Европа өлкөлөрүнөн келген тажрыйбалуу 14 атаандаштын ичинен жеңүүчү болдум, - деп ой бөлүштү армспорт чебери Ольга Ярославцева.  - Уюштуруучулар мага виза жагынан жардам беришти, бирок барып-келгенге акча жетишсиз болуп жаткан. MegaCom компаниясынын жардамы менен мен турнирге катышуу мүмкүнчүлүгүн алдым, ошондо “сенин келгениңдин өзү жеңишке тете” деп айткан уюштуруучулардын биринин сөзү дале эсимде. Мен MegaCom компаниясына колдоосу үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем, - деп ой бөлүштү спортчу

49-жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кесиби боюнча дарылоо укалоосу боюнча адистешкен врач, армспортко биринчи жолу 4 жыл мурун киришкен.,- Мага ар кандай таймаштарга катышуу процессинин өзү жагат, албетте, жеңишке жетишүү да жагымдуу. Мен бул спорттун дүйнөсүнө канчалык сүңгүгөн сайын, жеңишке жетишүү үчүн тырышчаактык, эмгек жана оптимизм керек экенин түшүндүм,  - деп белгилейт Ольга Ярославцева.

Ольга Ярославцева армреслинг боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү, эл аралык класстагы спорт чебери, Азиянын 4 жолку чемпиону, Дүйнө чемпионатынын 3 жолку коло байгесинин ээси, 2009-жыл үчүн Бишкек мэриясынын кубогунун ээси. Армреслинг федерациясынын президенти Жээнбек Мукамбетовдун айтымында, аталган жеңиш Лас-Вегас шаарында 2010-жылдын 4-декабрында өткөрүлө турган Дүйнө Чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк берет.

 

 

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы