Перейти на новый сайт

Футбол кубанычтары


Футбол кубанычтары


Спорттук таймашуулар жакындатат: мунун далили катары жакында “Динамо” стадионунда өткөн MegaCom компаниясы менен Чүй областтык мамлекеттик администрациясынын командаларынын ортосунда өткөн достук беттешүүнү атоого болот.

Футбол таймашы сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо максатында уюштурулуп, оюнчулар сыяктуу эле, күйөрмандар үчүн да көптөгөн кубанычтарды алып келди. Оюндун башталышы алдында  спортчулар бири-бирине “чыныгы оюн көрсөтөбүз” деп сүр берип жатышты. Чүй областтык администрациясынын командасынын бир өкүлү бөтөнчө активдүүлүгүн көрсөтүп жатты, акыры ал...  Чүй областынынгубернатору экендиги  маалым болду. Сагынбек Абдрахманов –тажрыйбалуу футболист экендиги, эгерде саясый ишкердиги болбогондо, белгилүү спортчулардын катарына тураары  белгилүү болду. .

«Азыркы күнү футбол ойноого убакыт жетпейт, - деп белгилейт ал, - бирок бир  аз бош боло калсам эле ойноого шашылам. Биздин команда жакында эле түзүлгөн, бул биздин биринчи оюнубуз».  Губернатор жолугушууну уюштургандыгы жана спорт демилгелерин адаттагыдай эле колдоого алгандыгы үчүн MegaCom компаниясына ыраазычылыгын билдирди.

Чүй администрациясынын командасы MegaComдун  тажрыйбалуу футболисттерине татыктуу каршылык көрсөтүү менен өздөрүнүн мыкты шериктигин көрсөтө алышты. Таймаш уюлдук оператордун командасынын жеңиши менен аяктады, бирок мамлекеттик кызматкерлер буга эч кандай капа деле болушкан жок, тескерисинче таймаш аларга жаңы жетишкендиктерге түрткү болот деп  ой бөлүшүштү. MegaCom компаниясы мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн өз курама командасына ыраазычылык билдирип, жеңиши менен куттуктайт.


Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы