Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынан оштуктар үчүн белек!



MegaCom компаниясынан оштуктар үчүн белек!

Эки айдын аралыгында “ЦУМ-Ош” Тейлөө борборуна келгендердин бардыгы MegaCom компаниясынын кызматтарынан акысыз пайдалана алышат.

Бардыгы үчүн компаниянын төмөнкү кызматтары акысыз сунушталат:  «чалууларды деталдаштыруу», номерди тандоо же алмаштыруу, SIM-картты калыбына келтирүү, “Сүйүктүү номер”, “Бактылуу номер”,  “Сүйүктүү өлкө” опцияларына кошулуу. Акция “ЦУМ-Ош” Тейлөө борборунда 21-сентябрда башталды жана ушул жылдын 22-ноябрга чейин аракетте болот. MegaCom компаниясынын Абоненттерди тейлөө борбору Ош шаарынын Навои көчөсү, 13 дареги боюнча жайгашкан жана дем алышсыз жана тыныгуусуз күнүнө саат 8:30дон 18:00го чейин иш алып барат.

Республика боюнча иш алып барган компаниянын Тейлөө борборлорунда абоненттер түйүнгө  кошулуп, балансын толуктап, аванстык төлөм карталарын алууга, телефондо зарыл болгон орнотууларды аткарып, адистердин кесипкөй консультацияларын ала алышат. Кош келиңиздер!

 

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы