Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынан Ысык-Көлдөгү жылдыз жамгыры!



MegaCom компаниясынан Ысык-Көлдөгү жылдыз жамгыры!

Өткөн апта олуттуу окуялар менен толукталды: Каракол шаарында MegaCom компаниясынын регионалдык өкүлчүлүгү ачылды. Мына ушул саамалыкка байланыштуу уюлдук оператор караколдуктар үчүн кыргыз эстрадасынын жылдыздарынан турган олуттуу концерт уюштурду.

MegaCom компаниясы бардыгын кенендик менен өткөрөт, мында Каракол шаарындагы концерт да айырмаланмак эмес. Аймактык өкүлчүлүктөрдүн ачылышына арналган олуттуу майрамдарды уюштуруу салтка айланып бара жатат. Аба ырайынын начардыгына карабастан, шаардык борбордук стадиону жүзүндө жылмаюу орун алган адамдар менен толуп, асмада майрамдык маанай орун алып турду.

Концерттин алдында көрүүчүлөрдү компаниянын жетекчиликтери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куттукташты. Ысык-Көл областынын губернаторунун орун басары - Нурбүбү Кененбаева компания менен жемиштүү кызматташа тургандыктарын билдирип, MegaCom компаниясынын аймакка келиши жергиликтүү бюджетке салыктык которуулардын эсебинен олуттуу акча каражаттары келип түшө тургандыгы менен коштолоорун билдирди.

-- Саламатсыздарбы, урматтуу достор! Концертке келип, MegaCom компаниясынын Ысык-Көл областында өкүлчүлүктүн ачылышына байланыштуу биздин кубанычыбызды тең бөлүшүп жаткандыгыңар үчүн терең ыраазычылык билдирем! -- деп кайрылды караколдуктарга MegaCom компаниясынын башкы директору Андрей Силич. -- Бул ачылыш − компания үчүн маанилүү, көптөн бери күтүлгөн кадам болуп саналат. Биз силерге дагы жакындагандыгыбызга кубанычтабыз. 

-- Биз эки миллион абонент көрсөткүчүнө жакындап келе жатабыз жана региондордогу өкүлчүлүктөр тармактарын кеңейтүүнүн үстүндө иш алып баруудабыз, -- деп белгиледи MegaCom компаниясынын башкы директорунун орун басары Жылдыз Караталова. -- Жакында эле курорт шаары атын алып жүргөн Чолпон-Ата шаарында кеңсе ачылды, ал эми жакынкы келечекте Жалал-Абад, Баткен жана Талас областтарында да филиалдар иштей баштамакчы. Жылдын акырына чейин биз өлкөнүн бардык аймактарында өкүлчүлүктөрдү ачууну пландаштыруудабыз. MegaCom компаниясы ушул жылдын акырына карата аталган тармак боюнча улуттук лидерликке жетишүү менен Кыргызстандын уюлдук байланыш рыногунда абсолюттуу лидерликке умтулууда. 

Megaконцерт көрүүчүлөрдү өз кенендиги менен таңга салды. Техниканын акыркы жетишкендиктери менен жабдылган ири сценада кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү жылдыздары чыгармачылыгын тартуулап жатышты. Көрүүчүлөр, баса алардын саны 12 миң адамга жеткен,  Арсен жана Жанель сыяктуу жаңы аткаруучулар менен катар эле элге кеңири таанымал, алардын сүймөнчүгүнө айланган: Мирбек Атабеков, Мирбек Иманбеков, Нэна, Кундуз, Бекчоро, Ильяз Абдразаков, Омар, Нэля, Урмат Үсөнов, Султан Садыралиев, Салкынай Алиевала, Wake Up, We'll Be жана VERSUS бий топторунун чыгармачылыгына ортоктош болушту. Артисттер элдин сүймөнчүлүгүнө татыктуу экендиктерин тастыкташты: көрүүчүлөр алардын жандуу ырларына жана музыкаларына кошулуп ырдап, бийге да чыгып жатышты. Мындан тышкары бийчилердин керемет бийлеринен көз алышпай, ал  эми айрымдары аларды кайталоого да аракет кылышты. Стадиондо жагымдуу, мейман дос абал түптөлгөн.

- Бүгүн биз көргөн бага абдан жакты! Биздин шаарга мынча топтогу жана ушунчалык белгилүү ырчылардын келгенин көрө элек элем! -- деп бөлүштү өз оюу менен Каракол шаарынын жашоочусу Гүлназ. -- Ушундай майрамдарды көбүрөөк өткөрсөңөр!

Салтка айлангандай эле иш-чараны жарыктык-музыкалык жасалгалоо да өз бийиктигине жеткен: иллюминация, майрамдык фейерверк. Сценаны бирде туман каптаса, бирде кар жаап, айрым учурларда конфетти жамгыры да жаап жатты. Ал эми асманга компаниянын символикасы камтылган конструкция көтөрүлдү. Көрүүчүлөр: «MegaCom! MegaCom! MegaCom!» - деген кыйкырыктар менен коштоп турушту -- бул кыйкырыктар бүтүндөй шаар боюнча тарады. Кеченин акырында сценага Мирбек Атабеков баштаган эстрада жылдары чыгып, «Кыргызстаным» деген патриоттук-лирикалык чыгарманы бир үн менен аткарышты. Ырдын акыркы ноталары MegaCom компаниясы тарабынан уюштурулган фейрверк менен коштолду.


Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы