Перейти на новый сайт
MegaCom: жашоону ыр ыргагында өткөрүү!


MegaCom: жашоону ыр ыргагында өткөрүү!

Өз курбуларыңызды таңга салып жана ар дайым музыка жыштыгында болгуңуз келеби. MegaCom компаниясынан MegaMusic кызматына кошулуңуз жана курбуларыңыз сиздин номерди терүү менен көңүлгө жагымсыз чакыруулардын ордуна жаңы хит же жагымдуу тамашаларды угушат.

Кызмат көрсөтүү чакырууларды өз алдынча башкарууга мүмкүндүк берет: ар бир каалоочу 500 мелодия жана композициянын ичинен көңүлүнө жакканын тандай алат. Мындан тышкары, сервис айрым абоненттерден же топтордон кириш чалууларга өзгөчө добушту белгилөөгө мүмкүндүк берет. Мисалы, дос-курбулар үчүн жагымдуу тамашаны, ата-энелерге – дүйнөлүк классика шедеврлеринен композицияларды, кесиптештер үчүн – тематикалык хиттерди орнотууга болот.

Кызмат көрсөтүүнү тандоо боюнча IVR, SMS, USSD же WEB башкарууга болот:

IVR – өз уюлдук телефонуңуздан *700 номерин терүү менен автомаалымат берүүчүнүн көрсөтмөлөрүн аткаруу зарыл. Сүйлөшүүнүн алгачкы үч мүнөтү акысыз, кийинки мүнөттөрдүн наркы бардык салыктарды эске алуу менен 1 сомду түзөт. Ар бир мүнөтүнө тарифтелет.

SMS – + белги менен билдирүүнү 700 номерине жөнөтүүдөн кийин, жооп катары келген билдирүүдө нускоолор келип түшөт. Композицияны тандап алуу аркылуу ошол эле номерге анын коду камтылган SMS жөнөтүү зарыл жана ал дароо эле түрдө кириш чалуулар үчүн орнотулат.

USSD – *700# номерине сурам жөнөтүү менен кызмат көрсөтүүнүн текст маалыматынын көрсөтмөлөрүн аткаруу зарыл.

WEBhttp://www.megamusic.kg/ интернет сайтында каттоо формасы жана мелодиялардын кеңири топтому жайгаштырылган.

Кызмат көрсөтүүгө кошулуу – акысыз, абоненттик акы айына 44 сомду түзөт. Өзүң үчүн же курбу, досуң үчүн мелодияны тандоо – тандалып алынган композицияга жараша 44, 66 жана 88 сомду түзөт. Эки адамда мелодияга буюртма берүү - 88, 132 жана 176 сом. Кеңири маалыматты http://www.megamusic.kg/ сайтынан алууга болот.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «VIP Service»

  • Услуга

    «Единая корпоративная сеть»

  • Услуга

    Удаленное восстановление номера

  • Услуга

    «Корпоратив 24»