Перейти на новый сайт

MegaCom камтуу аймагын кеңейтүүдө


MegaCom камтуу аймагын кеңейтүүдө

Акыркы айдын ичинде кыргыз-россия MegaCom компаниясы Кыргыз Республикасынын үч – Ош, Чүй жана Ысык-Көл областтарында сегиз базалык станцияларды ишке киргизди.

MegaCom компаниясынан сапаттуу байланышты эми Ош областынын Жалпак-Таш, Савай жана Гүлчө айылдык округдарынын жашоочулары да баалай алышат. Гүлчө районунун жашоочулары үчүн базалык станциянын ачылышы чоң кубанычты алып келди – анткени, MegaCom компаниясы бул жакка келгенге чейин жергиликтүү жашоочуларда уюлдук байланышка жеткиликтүүлүгү жок эле.

Камтууга алууну жакшыртуу максатында ошондой эле, Каракол шаарында жана Чүй областынын Орок айылдык округунун Жал айылында кошумча үч базалык станция орнотулган. MegaCom компаниясы келечекте да түйүндүн камтуу чөйрөсүн кеңейтүүнүн жана байланыш сапатын жакшыртуунун үстүндө иш алып бармакчы - өтүп жаткан жылдын акырына чейин өлкөнүн айрым райондорунда жаңы базалык станцияларды орнотуу пландаштырылган. Кыргыз Республикасынын уюлдук операторлорунун ичинде базалык станциялардын саны боюнча лидердик позицияда туруу менен MegaCom өз абоненттерин үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз кылууга умтулуу аркылуу бүтүндөй республика боюнча туруктуу негизде GSM станцияларынын жаңы түркүктөрүн орнотуп келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы