Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясынын жылдыздуу MegaКонцерт!


MegaCom компаниясынын жылдыздуу MegaКонцерт!

Жаңы регионалдык өкүлчүлүктүн ачылышынын урматына Нарын шаарынын жашоочулары үчүн MegaCom компаниясы укмуштуудай концерт уюштуруп берди.

MegaCom өз абоненттерин кубанычка салууну жакшы билет – бул сөзгө компаниянын жаңы Тейлөө борборунун ачылышын эбегейсиз майрамдоого алышкан нарындыктар да ишеништи. Борбордун стадиондо, трибунада жана тегерегиндеги аймакта алма түшкөнгө орун жок болду – эң жөнөкөй эсеп менен алганда концертти көргөнгө 10 миңден ашык адам катышты. Аншлаг аткаруучулардын жылдыздуу курамынан улам келип чыккан – бул кечеде компаниянын чакыруусу менен эң мыкты аткаруучулар калкты кубанычка бөлөп турушту.

– Саламатсыздарбы урматтуу достор, – деп баштады өз сөзүн, Нарында өкүлчүлүктүн ачылышынын артыкчылыгы жөнүндө жана компаниянын стратегиялык пландары туурасында сөз козгогон, компаниянын башкы директору Андрей Силич. Атап айтканда, компаниянын россиялык инвестору, Eventis Telecom телекоммуникациялык холдингдик компаниянын жетекчиси Глеб Огнянников MegaCom компаниянын өлкө рыногундагы лидердик позициясын жогорку технологиялык инновацияларды киргизүүнүн эсебинен акырындык менен чыңдоого ниеттенүүдө.

Өз кезегинде, компаниянын өкүлчүлүгүнүн ачылышына карата куттуктоо үчүн келишкен Нарын областынын губернатору Турдубек Мамбетов жана Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, мааракенин регион үчүн маанилүүлүгүн жана кызматташуунун жигердүү келечегин баса белгилешти. MegaCom компаниясынын областка келүүсү жергиликтүү бюджетке олуттуу каражаттарын агылып кирүүсүн, нарындыктарды жумуш орду менен камсыз кылууну жана калктын жашоо деңгээлинин сапатын жакшыртууга багытталган социалдык-экономикалык демилгелерди колдоого алуу дегенди түшүндүрөт.

Концерт көрүүчүлөргө бир топ жагымдуу эмоцияларды тартуулоо менен үч сааттан ашык убакытка созулду. Кыргыз эстрадасынын жылдыздары: Мирбек Атабеков, Султан Садыралиев, Нэна, Омар, Мирбек Иманбеков, Кундуз, Ильяз Абдразаков, Урмат Усенов, Нэля жана «Арман» тобу өздөрүнүн эң мыкты хит ырларын аткаруу менен көрүүчүлөрдүн купулуна толушту. Майрам үчүн атайы даярдалган сценада Wake Up, VERSUS, We’ll be топтору сыяктуу бий жанрынын мыкты чеберлери да өз таланттарын сунушташты, ошондой эле «Минута славы» Россия шоусунун жылдызы, робот-адам Атай Өмүрзаков да өз чыгармаларын тартуулап жатты. Тыныгуу учурунда нарындык көрүүчүлөргө алардын жердештери, тамашонун чемпиондору «Саяктар» КВН командасы куйкум тамашаларын тартуулап турушту.

– Бизде мында маараке көптөн бери боло элек болчу, – деп бөлүштү пикирлери менен көрүүчүлөр. – Бул чыныгы майрам!

Сценада болуп жаткандарды атайы орнотулган көлөмдүү экрандардын жардамы менен ири планда чагылдыруу бардык конокторго, көрүүчүлөргө мыкты добуштан жана көркөмдүү жасалгалоолордон гана эмес, өз сүймөнчүктөрүн жакындан көрүү эргүүсүн тартуулады. Ал эми концертке келе албай калгандар «Алмаз» радиосунун түз алып уктуруусунун жардамы аркылуу бардык жагдайларды баамдай алышты. Мааракенин жыйынтыгында «Кыргызстаным» деген аталыштагы өткүр ырдын коштоосунда Нарын асманына фейрвергдер атылды. Ар кандай түстөгү жылдыздар айлананы жарыкка жана кубанычка бөлөп, жакынкы арада жакшылыктардын башат аларына үмүттөрдү арттырды.

Концерттен фоторепортаж

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Прием и передача данных/факсов (CSD)

  • Услуга

    Интернет по выделенному каналу

  • Услуга

    Услуга «SIP телефония»

  • Услуга

    «Бизнес гудок»