Перейти на новый сайт
MegaCom региондорго барууда!


MegaCom региондорго барууда!

MegaCom кыргыз-россия компаниясы Нарын областында жаңы регионалдык өкүлчүлүгүн ачты жана региондун өнүгүшүнө багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырууга киришти.

MegaCom компаниясы өз филиалдар тармактарын өнүктүрүүнү 2010-жылдын экинчи жарым жылдыгынын стратегиялык артыкчылыгы катары аныктаган. Менчик укугу боюнча өзүнүн мыйзамдуу укугун калыбына келтиргенден кийин бизнесмен Глеб Огнянников башында турган россия инвесторлору бүтүндөй республика боюнча уюлдук оператордун лидердик позицияларын чыңдоого басым жасоодо.

MegaCom компаниясынын Нарын шаарында регионалдык өкүлчүлүгүнүн жана абоненттерди тейлөө борборунун ачылыш салтанаттуу аземи компаниянын областтык борборлорду өздөштүрүү тармагындагы пландаштырылган кадамдарынан болду. Жакынкы айларда компаниянын өкүлчүлүктөрү Талас, Ысык-Көл жана Баткен областтарында өз алып бара баштамакчы.

- Жаңы Тейлөө борборунда биздин абоненттер MegaCom компаниясынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн толук топтомун алып, консультанттарга жардам алуу боюнча кайрылышып, бардык кызмат көрсөтүүлөрдү жана опцияларды активдештире алышат. Биз Нарын областын өз кызматтарыбызды сунуштоо үчүн гана келгенибиз жок, регионду биргелешип өнүктүрүү үчүн биз жергиликтүү калк жана бийлик органдары менен тыгыз кызматташууга ниеттенүүдөбүз, – деп билдирди салтанаттуу мааракеде компаниянын башкы директору Андрей Силич.

Өкүлчүлүк ачылган ар бир областта MegaCom компаниясы социалдык-экономикалык инфраструктураны өнүктүрүп, жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган кыска мөөнөтүү жана узак мөөнөттүү долбоорлорду колдоого алат. Филиалдын ачылышына карата белек катары, ушул жылы эң мыкты спорт меценаты катары таанылган компания Нарындын сегиз жалпы билим берүү мектептерине спорт инвентарын тапшырды. Учурда, муниципалдык сүттү кайра иштетүү заводун ачылышын каржылоо тармагында иштер жүргүзүлүүдө, бул завод областтын ооруканаларын, балдар бакчаларын жана мектептерин сапаттуу сүт азыктары менен камсыз кылып турмакчы.

– Нарындыктар үчүн мындай ири инвестордун келиши жакшы жакка олуттуу умтулуу дегенди түшүндүрөт, – деп белгиледи өкүлчүлүктүн ачылыш аземинде Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров. – Жаңы жумуш орундары түзүлүүдө, калктын жеткиликтүүлүк деңгээли жогорулоодо, бүтүндөй алганда областтын экономикалык абалы жакшырып жатат. Компания менен кызматташуу боюнча биздин пландар олуттуу орунда жана биз бир катар тармактар боюнча ишибизди баштадык.

Региондордо филиалдарды ачуу учурунда компания команданы, аларды мыкты айлык жана мыкты эмгек шарттары менен камсыз кылуу аркылуу жергиликтүү калктын эсебинен топтоп келет. Бардык кызматкерлер катуу сынак тандоого катышып, компаниянын мыкты адистеринен кесиптик жактан даярдыктан өтүү менен MegaCom компаниясынын алдында иш алып барган «Натыйжалуу менеджер мектебинен» үзгүлтүксүз окутуудан өтүшөт. Олуттуу көңүл жетекчилик кызматтарга дайындоого бурулат – алсак, Нарын филиалынын директору кызматына Улан Мурадилов дайындалды, бул адам жогорку башкаруу тажрыйбасына ээ жана бизнести жүргүзүүгө новатордук мамиле жаш профессионал.

MegaCom компаниясынын кенсеси Нарын шаарынын, Орозбак атындагы көчө, 38 дареги боюнча жайгашкан. Абоненттерди тейлөө борборунун эшиктери жуманын жети күнү тең саат 9.00дөн тартып 18.00гө чейин ачык, түштөнүүгө тыныгуусуз иш алып барат.

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы