Перейти на новый сайт
MegaCom: чектерди сыртта калтыруу менен


MegaCom: чектерди сыртта калтыруу менен         

MegaCom компаниясы абоненттерге чет өлкөдөн балансты толуктоонун кошумча ыкмасын сунуш кылат.

Аталган укма туугандары жана жакындары Шериктеш мамлекеттердин аймагында жүргөндөр жана MegaCom абоненттеринин балансын толуктоо үчүн ыңгайлуу.

Кызмат көрсөтүү КМШ өлкөлөрүнүн бүтүндөй аймагында жайгашкан «Интеркоопбанка» АКБсынын 5 миң кассасында жеткиликтүү. Терминал аркылуу балансты толуктоо үчүн экранда «Мобилдүү байланыш» категориясынын «Чет өлкө операторлору» кичи категориясын тандап, анын ичинен «Кыргызстан», операторлорунун – MegaCom компаниясын белгилөө зарыл. Ачылган баракчада балансы толукталып жаткан абоненттин телефон номерин +996 (***)****** форматында киргизүү зарыл. Акырында «Алдыга» жана «Төлөө» баскычтарын тандоо зарыл.

Учурда MegaCom компаниясынын абоненттерине балансты толуктоонун 8 түрү сунуш кылынган: дилердик жайларда, почта байланыш бөлүмдөрүндө, аванстык картасы, банктык которуу, «Мобилдүү которуу» кызматы, Кыргыз Республикасынын төлөм терминалдары, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында WebMoney электрондук төлөм системасы жана «Интеркоопбанк» аркылуу.

Балансты толуктоо боюнча кеңири маалымат менен таанышуу, ошондой эле кошумча суроолорго жоопторду MegaCom компаниясынын http://www.megacom.kg/kyr дареги боюнча жайгашкан сайтынан же *500. кардарларды колдоо кызматына кайрылуу менен алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы