Перейти на новый сайт

MegaCom өз каржы милдеттенмелерин аткарууда


MegaCom өз каржы милдеттенмелерин аткарууда         

2010-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кыргыз россия MegaCom компаниясы бюджетке 532 133 590 сом өлчөмүндө салыктык чегерүүлөрдү аткарган (эсепке алуу КНСин эске алганда), бул АКШнын 11 млн. долларына барабар. Республиканын социалдык фондуна чегерүүлөр 41 миллион сомдон ашыкты түзгөн.

Бүгүнкү күнгө карата MegaCom компаниясы өлкөнүн эң ири салык төлөөчү компанияларынын бири болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын так аткарууда мамлекеттик бюджетке олутту салымын кошууда.

Өз каржы милдеттенмелерин аткаруудан тышкары компания туруктуу негизде калктын начар камсыз болгон катмарына жардам берип, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт тармагында демөөрчүлүк жардам келет.

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы