Перейти на новый сайт
«Ысык-Көл 2010» – КВН оюндарынын 15-сезонунун жаркын шооласы!


«Ысык-Көл 2010» – КВН оюндарынын 15-сезонунун жаркын шооласы!     

MegaCom компаниясынын колдоосу алдында Кыргызстан КВН оюндарынын Жайкы кубогу Ысык-Көл жээгинде болуп өттү.

«Кыргызстанда жасалган!» – мына ушул ураандын алдында бүтүндөй 15-сезон ичинде шайырлар жана тапкычтар өз көрүүчүлөрүнө куйкум тамашаларын тартуулаган болсо, командалардын тамашаларына башкы демөөрчүлүк менен MegaCom компаниясы колдоо көрсөтүп келди. Көрүүчүлөр жана оюнчулар үчүн сезондун ийгиликтүү жыйынтыгынан болуп салтка айланган Жайкы кубок болду.

Ысык-Көл беттешүүлөрүнө 8 КВН командасы катышты. Оюндарга көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланган баштагы оюнчулар сыяктуу эле, жаңы оюнчулар да катышышты. Оюндардын форматы өзүнчө эле сюрприз болду – айрым командалардын катышуучулары өң күтүлбөгөн курамдарда жаңы курама командаларды түзүшкөн.

Жайкы эс алууларын көл жээгинде КВН кубогу менен айкалыштырган көрүүчүлөр эс алуу учурундагы көңүл ачууларына курсант болушту. Күйөрмандарын, башкы демөөрчү MegaCom компаниясынан «Команда-симпатия» номинациясына ээ болгон айымдардын «Марго Дэвич» (БГУ) курама командасы өзгөчө кубанычка толтурду. Өз кезегинде Ысык-Көл областынын Челпек айылынан келген «Импульс»жаңы командасы – атагы чыккан командалар менен бирдикте сценага алгачкы жолу чыгуу менен өздөрүн эң мыкты жагынан көрсөтө алышты. Ал эми үчүнчү орунга татыктуу болгон «Жергиликтүү курама» көрүүчүлөрдү команданын оюнунун башталышында сценага чыгарган эшек жаныбары менен таңга салды. Экинчи орунга өз аймагында ишенимдүү жана татыктуу оюнду көрсөтүү менен «Иссык-Кульские орлы» (Каракол шаары) командасы татыктуу болушту. Биринчи орунга, жайкы кубокту Бишкекке ала кеткен Жогорку лиганын чемпиондору «Не дай Бох!» (Раззаков атындагы КМТУ) ээлик кылды.

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы