Перейти на новый сайт

Сиздин жеке EXPERT – *800


Сиздин жеке EXPERT – *800  

MegaCom компаниясынын «EXPERT» сурап билүү кызматы маалымат берүү чөйрөсүн кеңейтет.

«EXPERT» кызматынын *800 кыска номерине чалуу менен MegaCom компаниясынын абоненттери ар кандай багытта кызыктырган суроолоруна жоопторду ала алышат. Сурап билүү кызматынын квалификациялуу кызматкерлери ишканалардын даректерин жана телефон номерлерин ыкчам тактап берүүгө, соода, туризм, коммуникация, өнөр-жай, курулуш тармагынан маалыматтарды сунуштоого, аба-ырайын, валюта курстарын, көңүл ачуу мекемелерин афишаларын ыкчам тактоого көмөк көрсөтүшөт. Абитуриенттер үчүн «EXPERT» кызматында өлкөнүн жогорку окуу жайлары боюнча толук маалыматтар камтылган, ал эми өз эс алуусун пландаштырып жаткандар – эс алуусун кайсыл жерде жана кандайча өткөрө алуусу туурасындагы маалыматтарды ала алышат.

Чалуунун наркы мүнөтүнө 45 сомду түзөт, кызматтын иш алып баруу ыргагы – саат 08:00дон 02:00го чейин, дем алышсыз жана майрам күндөрү тынымсыз иш алып барат.

«EXPERT» сурап билүү кызматы өз ишин 2009-жылдын ноябрь айында баштоо менен бүгүнү күнгө карата кардарларды мамлекеттик жана расмий тилдерде тейлөөгө алган Кыргызстандагы акы төлөнүүчү жалгыз сурап-билүү кызматы болуп саналат. Ар бир абонент *300 акысыз номерине чалуу аркылуу кызматтын иш алып баруусу боюнча өз ой пикирин калтыра алат.

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы