Перейти на новый сайт

Классикалык музыка шедеври MegaCom компаниясынан белекке


Классикалык музыка шедеври MegaCom компаниясынан белекке  

Кыргызстан филармониялык камералык оркестринин аткаруусундагы орус жана дүйнө классикалык музыкаларынын шедеврлерин шаар жашоочуларына MegaCom компаниясы белекке тартуулады.

Шаарыбыздын жашоочулары жана коноктору үчүн бул өзгөчө белекти – дирижер Бакыт Алымкуловдун жетекчилиги алдындагы филармониялык камералык оркестрдин аткаруусундагы классикалык музыка кечесин MegaCom компаниясы тартуулады. Иш чара Россия күнүнө карата өткөрүлүп, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого багытталган.

– Кыргызстанда өз ишин алып барып жаткан Россия ишканасы катары, Кыргызстанда жашап жаткан адамдарга майрамды уюштуруп берүүнү биз өзүбүздүн милдет катары эсептейбиз. Биздин эки элдин, кыргыздар менен орустардын маданияты, биздин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер сыяктуу эле ажырагыс, бөлүнгүс экендигине терең ишенебиз, жана мындан ары бул мамилелер күч алып, өнүгүү жолун улантат деген ойдобуз, – деп белгиледи MegaCom компаниясынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча директор Александр Никсдорф.

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз филармониясынын эшиктери бул күнү коноктор үчүн акысыз ачык болду.

Классикалык музыканы баалоочулар үчүн камералык оркестр атактуу жана угуучулардын купулуна толгон – Чайковский, Гендель, Рахманинов жана башка классикалык музыка генийлеринин жанга жагымдуу жана бийик деңгээлдеги чыгармаларын ойноп берди. Бүгүнкү күндөгү авторлордун композициялары да жаңырып турду. Камералык оркестрдин мыкты ойногону эч кимди, бир да көрүүчүнү көңүл кош калтырган жок – купулуна толгон музыканы уккан зал кай-кайрадан артисттерди сценага чакырып жатты.

Концертке россия мекендештер диаспорасынын өкүлдөрү жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Валентин Власов башында турган Россия дипломатиялык миссиянын кызматкерлери катышышты. Кеченин ардактуу конокторунан болуп Россия Федерациясынын Президентинин Кыргыз Республикасы менен мамилелерди чыңдоо боюнча атайын өкүлү Владимир Рушайло жана Россия Борбордук шайлоо комитетинин төрагасы Владимир Чуров катышышты. Концерттин көрүүчүлөрү жана катышуучулары эки элдин маданиятын жакындаштырууга кошкон салымы үчүн MegaCom компаниясынын демилгесине мыкты баа беришти.

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Опция «Пауза»

  • Услуга

    «Личный кабинет кураторa»

  • Услуга

    «VIP Service»

  • Услуга

    «Ты где?» корпоратив