Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын колдоосу менен Кыргызстан КВНинин курама командасы Москва жана Подмосковья Лигасынын жарым финалына чыкты.


MegaCom компаниясынын колдоосу менен Кыргызстан КВНинин курама командасы Москва жана Подмосковья Лигасынын жарым финалына чыкты.

Кыргызстан КВНинин курама командасы 27-май күнү Москва шаарында 1/4финалда ийгиликтүү оюн алып барды. Команда Москва шаарына Кыргызстан КВНинин алмаштырылгыс демөөрчүсү MegaCom компаниясынын жардамы менен барган.

Январь айындагы сочи фестивалында 552 команданын ичинен тандалып чыгып Кыргызстан курама командасы Москва жана Подмосковья Лигасына катышууга чакырык алган. Март айында Кыргызстандын «Фрунзе шаары» курама командасы Лиганын ачылышында мыкты оюн көрсөтүп КМШ өлкөлөрүнөн келген 212 команданын ичинен күчтүүлөр курамына кирген.

Май айындагы Лиганын чейрек финалында Кыргызстан курама командасы экинчи орунду ээлеп, жарым финалга жолдомо алуу менен кайрадан мыкты ийгиликтерге жетишти. «Фрунзе шаары» курама командасынын оюну туурасындагы калыстар тобунун пикири эң эле оңтойлуу болду, финалдык ырдестени жеткиликтүү аткаргандыгы үчүн Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Арина Тургунбекова «Юмор FM» каналынан атайын сыйлыкка татыктуу болду.

Жакшы жаңылыктардан тышкары «Фрунзе шаары» курама командасы Москва жана Подмосковья Лигасынын атынан MegaCom компаниясынын дарегине Кыргызстан КВНнин өнүгүшүнө жана курама команданын эл аралык аренада колдоого алгандыгына ыраазычылык билдирген катын ала келген.

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы