Перейти на новый сайт
Шаарыбыздын кымбаттуу кичинекей жашоочулары жана урматтуу ата энелер!


Шаарыбыздын кымбаттуу кичинекей жашоочулары жана урматтуу ата энелер!

1-июнь – MegaCom менен балалык майрамы.

Эл аралык балдарды коргоо күнүндө MegaCom компаниясы бардыгыңыздарды – чоң-кичине дебей жомок дүйнөсүнө чөмүлүүгө чакырат!

Көңүлдүү сынактар, белектер жана сюрприздер, көптөгөн таттуу шириндер жана кызыктуу көңүл ачуу программасы Сиздерди саат 16дан тартып 19га чейин Түштүк дарбаза Жеңиш сейил багында күтөт.

Майрам учурунда балдар барабан кагуучулардын парадына, аниматорлордун, фокусниктердин, жонглерлордун программаларын көрүп, «Таберик» бий ансамбли менен робот-адам аталган Атай Омурзаковдун бийлерине ортоктош боло алышат.

Майрамдын ар бир кичинекей катышуучусу белек алып мульфилмдердеги сүйүктүү каармандар – «Муз доорунан» Сид, Шрек, эльфтер жана көптөгөн башка каармандар менен ойной алышат. Майрам конокторду көптөгөн иш-чаралар менен кубантат!

Биз сиздерди MegaCom менен бирдикте балалык майрамында күтөбүз!

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы