Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясынын курама командасы футбол боюнча турнирде 3-орунду ээледи


MegaCom компаниясынын курама командасы футбол боюнча турнирде 3-орунду ээледи

Футбол боюнча достук беттешүүлөрдүн жүрүшүндө MegaCom компаниясынын командасы мыкты жетишкендиктерди көрсөтүп, үч жолку чемпионду жеңип чыкты.

Эки күн аралыгында 29-30-май күндөрү «Дордой» стадионунда ММК, шоу-бизнес жылдыздарынын, профессионал спорт чеберлеринин жана MegaCom компаниясынын курама командаларынан турган футбол боюнча достук таймаштар болуп өттү.

MegaCom командасына өткөн турнирлердин үч жолку чемпиону «Супер-Инфо» гезитинин курама командасы менен беттешип, турнирди ачып берүү урматын алган. Олуттуу күч жумшоо менен MegaCom компаниясынын курама командасы 2:1 эсебинде чемпиондорду жеңип алып, жарым финалга бет алгын.

30-май күнү майданда УТРК курама командасы менен MegaComкомпаниясынын курама командасы беттешип, 2:1 эсебинде телевидениенин курама командасы жеңип чыкты. 10 мүнөттүк тыныгуудан кийин майданга курамына ата-мекен спортунун жылдыздары, ошондой эле Дүйнөлүк чемпионаттын грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалынын ээси Канат Бегалиев кирген профессионал спорт чеберлери менен MegaCom курама командасы достук беттешүүгө түшкөн. MegaCom курама командасынын оюнчулары белгилеп кеткендей спорт чеберлери менен болгон оюн кыйла эле татаал болгон, буга оюндар арасындагы тыныгуунун 10 эле мүнөт болгондугу да себепкер болгон. Бирок, MegaCom курама командасы мыкты жетишкендиктерди көрсөтүү менен оюндун соңунда 1:1 эсебинде тең чыккан.

- Эгерде эки күндүн оюнун салыштыра турган болсок, биринчи күнү мыкты түптөлгөн команда оюн алып барган, анткени бардыгы жеңишке умтулуп, мыкты оюн алып бардык. Экинчи күнү өзүбүздү кичине эркин койдук, бирок ошого карабастан профессионалдар менен ойноп, эсебибиз тең чыкты. Эгерде биздин курама команда жетишкендиктер менен токтоп калбаса жана машыгууларын уланта турган болсо биз кийинки турнирде сөзсүз жеңишке жетебиз, - деп белгиледи MegaCom курама командасынын капитаны Мукаш Джунсаев.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду профессионал спорт чеберлери, экинчи орунду УТРКнын курама командасы алган болсо, MegaCom курама командасы үчүнчү орунга татыктуу болду. Келерки достук турнири 2011-жылдын май айына пландаштырылган.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы