Перейти на новый сайт
MegaCom: салыктар жайында


MegaCom: салыктар жайында

Өтүп жаткан жылдын биринчи чейрегинде, орун алган жагдайга карабастан, MegaCom компаниясы салыктык төлөмдөрдү төлөө боюнча өзүнө алган бардык милдеттенмелерди толугу аткарды. Өлкөнүн бюджетине 249 485 451 сом которулуп берилген.

Биринчи чейректин жыйынтыгын чыгаруу менен башкы директор Андрей Силич келишимдер боюнча бардык милдеттенмелерди өз учурунда аткаруу компаниянын иш алып аруусунун артыкчылыктуу бөлүгү болуп санала тургандыгын белгиледи. Телекоммуникациялык сектордун өсүш арымынын бир аз басаңдоосуна карабастан компания рынокту өнүктүрүүнү улантууга жана Кыргызстандын аймагында бизнестин инновациялык ыкмаларын киргизүүнү: булар сатуу жана төлөмдөрдү кабыл алуу каналдары, талап кылынган, керектүү продуктыларды иштеп чыгуу, ошондой эле бардык аймактарда активдүү иш алып барууга ниеттенүүдө.

Компания, өлкөдөгү эң ири салык төлөөчүлөрдөн болуп саналат, кандай гана жагдай болбосун өлкө менен толук өлчөмүндө жана өз учурунда эсептешүүгө умтулган социалдык жактан жоопкер ишканалардын курамына кирет.

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы