Перейти на новый сайт
Башкы прокуратура бизнести коргоого алууда


Башкы прокуратура бизнести коргоого алууда

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында өткөн Консультативдик кеңештин отурумунда ишканаларды жана компанияларды рейдердик басып алуу маселеси актуалдуу тема болду. Кыргызстан Эл аралык ишкердик кеңеш менен бирдикте уюштурулган талкууга МegaCom компаниясынын башкы директору Андрей Силич жана коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча директор Александр Никсдорф катышышты.

Катышуучулар мурдагы президентти үй-бүлөсүнүн контролдугу алдына кирген «аффилирленген компаниялар» деп аталган тизмени берүүсүн өтүнүштү. Бул суроого жооп катары Башкы прокуратурада мындай тизменин орун албагандыгы айтылды.

Жолугушуу учурунда башкы прокурордун орун басары Бакыт Халмурзаев жыйналыштын катышуучуларын бизнести кандай болбосун текшерүүгө алуу прокуратура органдарынын уруксаты менен гана жүзөгө ашырылууга тийиш экендигин белгилеген жобо дагы эле боло иштеп тургандыгын эскертти.

Андрей Силич жыйналыштын катышуучуларынын көңүлүн «акыркым мезгилде ар кандай жалпыга маалымдоо каражаттарында ири компаниялар, анын ичинде МegaCom компаниясы тууралуу ар кандай билдирүүлөр жана маалыматтык материалдар жарыкка чыгып жаткандыгына бурду. Бул материалдардын негизги максаты – коомчулуктун ичинде ишкердигине, атап айтканда, бул компаниялардын жетекчилерине жагымсыз мамилелерди калыптандыруу болуп саналат. Мында колдо болгон маалыматка таяна турган болсок, бул жосундардын артында 7-апрелдеги окуялардан кийин компанияны басып алууга аракет кылышкан адамдар тургандыгы маалым болгон». Ал Башкы прокуратурага ушул окуяларга көңүл буруп, республиканын компанияларына карата так эмес маалыматтарды жайгаштырылган жалпыга маалымдоо каражаттарына карата эскертүү чараларын көрүүнү өтүндү. Башкармалыктын начальниги Сумар Насиза, жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жоопко тартууга мүмкүндүк берген мыйзам республикада иштеп тургандыгы билдирди. Мындай жоопкерчиликтин деңгээлин сот гана аныктай алат.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы