Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясынан белектерди КВН командасынын эң татыктуулар утушту


MegaCom компаниясынан белектерди КВН командасынын эң татыктуулар утушту

1-апрель күлкү күнүндө Кожомкул атындагы спорт ордосунда  MegaCom компаниясынын катышуусунда мэрдин кубогуна КВН фестивалы болуп өттү.

Ар бир команда көрүүчүлөргө мыкты тамашаларды жана куйкум сөздөрдү тартуулаганга умтулуп жатты. Тамаша кыргызстандыктардын күнүмдүк жашоосунан алынган көрүнүштөр менен толукталды. Жолдо жүрүү абалдары, жарандардын жашоосунан алынган тамашалар орун алды, албетте чиновниктер да четте калган жок. «Сборная 312» командасы биздин замандын жаңы каарманы «Нименэне» жөнүндөгү тамашасы менен көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ар бир команда «Минута славы» долбоорунун катышуучусу Атай Омурзаковду четте калтырбай, тамаша алды.

КВНдин 17 командасы башкы байге – кубок үчүн ат салышышты, өз жеңүүчүлөрүн КВНдин башкы демөөрчүсү - MegaCom компаниясынын белектери да күтүп турду. Калыстар тобунун баа берүүсү боюнча КВН фестивалынын жеңүүчүсү жана башкы байгенин ээси катары «Сборная 312» командасы табылды. Экинчи орунга «Кара-Балта» курама командасы жана үчүнчү орунга «Не дай Бох» командасы ээлик кылышышты.

Катышуучулар башка номинацияларда да байгелерге ээ болушту: «Мыкты тамаша» «Не дай Бох» командасына, «Мыкты оюнчу» - Арлан Осмонжанов, Кыргызстан КВН оюнунун башкы демөөрчүсү - MegaCom компаниясынан байге – татыктуу негизде «Один двойной под соусом» командасына ыйгарылды. Номинанттарга белектерди калыстар тобунун мүчөсү MegaCom компаниясынын коммерциялык директору Жылдыз Караталова тапшырып, төмөндөгүдөй сөздөрдү ороолоду:

- Мен, биздин жаштар тамашага ала турган жөндөмгө ээ экендигине, бул сахнада жылдан-жылга талантуу жаштардын, келечеги кең командалардын көбөйүп бара жаткандыгына өтө кубанычтамын.бүгүн ар бир оюнчу бизди кубанычка батырбы, бирок оюнду оригиналдуу жана өзгөчө ыкмада алып баргандыгы үчүн «Один двойной под соусом» жана «Есть контакт» командаларын баса белгилеп кетким келет».

Калыстар тобу мындай оюндар салтка айланып, ар бир жылы өткөрүлүп турат деген илгери үмүттөрүн билдиришти.

MegaCom: жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы!

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы