Перейти на новый сайт

MegaCom тасма көрүүгө чакырат


MegaCom тасма көрүүгө чакырат

«MеgaCom менен автордук кино» долбоору 31-март күнү  Филипп Клоделдин «Мен сага көптөн бери ашык элем» деген аталыштагы көрүнүктүү драманы көрүүгө чакырат.

«MеgaCom менен автордук кино» долбоорунун алкагында ар бир шаршемби күнү Bizon барында авангарддык кино тасмалардын сүйүүчүлөрү жыйналышат. 2009-жылдын октябрь айында башат алган долбоор, ар аптада дүйнө кинематографиясынын көрүнүктүү режиссерлорунун өзүн-өзү белгилөө-тасмаларын көрүүчүлөрдүн кароосуна коюп келет. Долбоордун жүрүшү мезгил аралыгында Бернардо Бертолуччи, Ким Ки Дук, Джима Джармуш, Эмир Кустурица, Микеланжело Антониони, Франсуа Озон сыяктуу режиссура чеберлеринин тасмаларын тартуулоого жетишилди.

MegaCom компаниясы 31-март шаршемби күнү кезектеги, франсуз режиссеру Филипп Клоделдин «Мен сага көптөн бери ашык элем» деген аталыштагы тасманы көрүү үчүн Bizon барына чакырат.

Бул драма 15 жыл абакта жаткан айымдын жашоосун баяндаган тасма. Башкы каарман Джульетт, эркиндикке чыгуу менен, андан бардыгы: туугандары, достору, коом баш тартышкандыгын түшүнөт. Анын таарынычын жана кайнап турган кыжырын жардамга келген жалгыз адам, сиңдиси Леа гана жумшарта алган.

Актриса Кристин Скотт Томас жана Эльза Зильберштайндын мыкты аткарган ролдору тасманын акырына чейин алар менен бирге капаланууга, ойлонууга жана жашоонун жакшы жактарын түшүнүүгө түрткү берет. Кино-сеанстан кийин көрүүчүлөр адаттагыдай эле эркин абалда тасманы талкуулап, өз пикирлери менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн алышат.

MegaCom: жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы!

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы