Перейти на новый сайт
Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн ыраазычылык


Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн ыраазычылык

22-февралдан тарта MegaCom компаниясынын абоненттери роумингде болуу менен жаңы, кыйла арзандатылган баада баарлаша алышат.

Компаниянын кызматкерлеринин аракетинен жаралган майрам унутулгус болду.

Концертке бардык деңгээлдеги жана баскычтагы кызматкерлер, алардын үй-бүлөлөрү келип катышышты. Жагымдуу тамада-алып баруучулар, аскер ырлары, көңүлдүү бий жана куйкум тамашалар майрамдык маанайды жандандырып турду. MegaCom компаниясынын «555» КВН-командасынын улан-кыздарынын тамашалары кол чабуулар менен коштолуп, эң каат деген аскер кызматкерлеринин көңүлүн көтөрдү. Компаниянын өтүнүчү менен аскер кызматерлеринин моралдык жана аскер духун көтөрүү үчүн «Славян базары» эстрада ырчыларынын жаш аткаруучулары эл аралык сынак-фестивалынын жеңүүчүсү, кыргыздын талантуу ырчысы Нэна да келди.

«Ата мекенди коргоочулардын күнү – өзгөчө майрам, жана ошондуктан аны Чүй чек ара отряды менен чечүү чечимин кабыл алганбыз, - деп билдирди куттуктоо сөзүндө MegaCom компаниясынын башкы директору Андрей Силич.– Ар бир эле адам аскер кызматын өтөөгө чечимин кабыл албай, аскер кызматын өтөбөй келген бүгүнкү күнү чек арачылар өз милдеттерин так, атуулдук жана ар-намыс менен аткарып келүүдө - мына ушул жигиттер Кыргызстан жаштары үчүн эң мыкты мисал боло алышат».

Концерттен кийин майрам солдаттардын ашканасында улантылды. Бул жерде салтанаттуу тамактануу уюштурулган эле. Кызматкерлердин тамактануусун кайрадан эле тамашалар, кызыктуу сынактар, эстелик белектери жана байгелер коштоп турду. Бүтүндөй иш-чаранын жүрүшүндө MegaCom байланыш түйүнү иштеп турду, анын жардамы менен чек арачылар өз жакындары жана туугандары менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн алышты.

«Компаниянын мырзалардын майрамы, Ата мекенди коргоочулардын күнү менен бизди куттуктоого келгендиги өзгөчө жагымдуу болду, – дейт өз сөзүндө Чүй чек ара отрядынын башчысы, саркери Кубатбек Жеенбаев. – ошондой эле, солдаттардын жашоо-турмушун кыйла жеңилдеткен белекке берилген турмуш-тиричилик техникасы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз».

Салтанаттуу кеченин акырында, аскер кызматкерлери бул аскер бөлүгүндө мындай кеңири масштабдагы салтанаттуу иш-чара биринчи ирет өткөрүлүп жаткандыгын билдиришти.

MegaCom: жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Интернет по выделенному каналу

  • Услуга

    Удаленное восстановление номера

  • Услуга

    «VIP Service»

  • Услуга

    «Единая корпоративная сеть»