Перейти на новый сайт
Кыргыз тилиндеги меню орнотулган телефондор калк ичинде кеңири сүймөнчүккө ээ болууда


Кыргыз тилиндеги меню орнотулган телефондор калк ичинде кеңири сүймөнчүккө ээ болууда

MegaCom компаниясынан мамлекеттик тилдеги меню орнотулган ZTE A36 уюлдук телефону сатуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жашоочулары тарабынан талапка жооп бергендигин көрсөтүп келүүдө - биринчи партиянын 90 пайыздан ашыгы сатылып кетти.

MegaCom компаниясы – кыргыз тилиндеги меню менен уюлдук телефондорду сунуштаган Кыргызстан боюнча алгачкы жана жалгыз уюлдук оператор болуп саналат. Бул демилгеси үчүн өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан ардак грамота менен сыйланган.

Телефондун менюсун кыргыз тилине которуу жагында биздин кызматкерлер тарабынан көптөгөн иштер аткарылды. Уюлдук аппараттын интерфейсин жаңылоо жагында ZTE компаниясы иш алып барды.  Кыргыз тилинде баарлашкан өлкө жашоочулары ZTE A36 моделин жеңил эле колдоно алышат – ал орус же англис тилиндеги уюлдук телефондордон айырмаланбайт. Аппарат жөнөкөй жана колдонууда өтө жеңил, баасы жагынан да ылайыктуу болуп саналат.

MegaCom компаниясынан кыргыз тилиндеги меню менен телефондор бардык расмий тейлөө борборлорунда, компаниянын фирмалык дүкөндөрүндө жана расмий дилердик түйүндөрдө сатыкта турууда.

MegaCom: жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы!

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы